МИЛИЦИЯ: «Сууга чөгүүдөн сактануу жана коомдук жайларда беткап тагынуу зарыл!»

МИЛИЦИЯ: «Сууга чөгүүдөн сактануу жана коомдук жайларда беткап тагынуу зарыл!»
Жалал-Абад облустук милициясы коронавирустун жана сууга чөгүүлөрдүн алдын алуу иштерин жүргүзүп, коомдук жайларда жарандарга беткап тагуу зарылдыгын эскертишүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы бүгүн, 9-июлда билдирди.
Алардын айтымында, милициянын көчмө кабылдама унаасындагы үн чыгаруучу каражаттар менен жарандарга тиешелүү маалыматтар жеткирилүүдө. Ошондой эле пандемияга байланыштуу бул аймактарга киргизилген чектөөлөр боюнча ыкчам штабдардын өкүлдөрү менен бирге рейддер уюштурулууда.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.