Мамлекеттик ипотека боюнча жаңы программа башталды. Каалоочулардын баарынан арыз алынат

Мамлекеттик ипотека боюнча жаңы программа башталды. Каалоочулардын баарынан арыз алынат

Кыргызстанда мамлекеттик ипотека боюнча жаңы программа башталып, насыя алуунун жол-жобосу өзгөрдү.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) маалымат катчысы Жылдыз Бекбаева «Азаттыкка» билдиргендей, «Менин үйүм 2021-2026» турак жай программасы 25-июлда расмий түрдө күчүнө кирди.

Эгер буга чейин ипотекалык насыя жылдык үстөгү 6-8 пайыз менен 15 жылга берилип келген болсо, эми 4 пайыз менен 25 жылга чейинки мөөнөткө бериле баштайт. Мурдагыдай дарыгерлер, мугалимдер жана башка социалдык жактан аз камсыз болгон категориядагылар деген чектөө болбойт, арыздар каалоочулардын баарынан кабыл алына берет.

Мындан тышкары, МИКтин өзүнүн турак жай фонду түзүлүп, үйлөр көп жылдык мөөнөткө ижарага, андан ары менчикке берилет. Баштапкы төлөм деген талап мындан ары коюлбайт.

Кыргызстанда мамлекеттик ипотека системасы 2015-жылы иштей баштагандан бери 5240 адам насыя алды. Азыр кезекте дагы 10 миңдей адам бар.

Бишкекте насыячылар мамлекет ипотекага бөлгөн каражаттын үстөгүн азайтуу талабы менен бир нече жолу митинг уюштурушкан.

Коммерциялык банктарда ипотекалык кредиттин пайызы орточо 17-18% түзөт.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.