Аба-ырайы тууралуу ӨКМ шашылыш билдирүү таратты. Кайсы жерде жаан, каерде кар жаайт?

Аба-ырайы тууралуу ӨКМ шашылыш билдирүү таратты. Кайсы жерде жаан, каерде кар жаайт?
Аба-ырайынын кескин өзгөрүүсү боюнча ӨКМнин басма сөз кызматы (Кыргызгидрометтин маалыматына таянуу менен) шашылыш билдирүү таратты.
Алардын маалыматына караганда, 10-11-сентябрда аба-ырайы кескин өзгөрөт.
10-сентябрда Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо жаан карга айланышы, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
11-сентябрда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт.
Мындай туруксуз аба-ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат.
ӨКМнин басма сөз кызматы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.