Садыр ЖАПАРОВ: «Алтындарыбызды сата албай калабыз» деп ызы-чуу салып жаткандарга айтарым…»

Садыр ЖАПАРОВ: «Алтындарыбызды сата албай калабыз» деп ызы-чуу салып жаткандарга айтарым…»

Президент Садыр Жапаров «Кумтөр» алтын кени боюнча пикирин «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу билдирди. Мамлекет башчы өткөн аптада Женевада Кумтөр кени боюнча сүйлөшүү «Центерранын» суранычы менен өткөнүн, ага Кыргызстандан төрт өкүл барып катышканын, кеңири маалымат алар келгенде белгилүү болорун жазды. Ошондой эле «Кыргызалтын» ишканасынан алтын сатып алуудан LBMA баш тартканы көйгөй эместигин, алтынга кардарлар кезекте турушканын билдирген.

«Эми алтындарыбызды сата албай калабыз деп ызы-чуу салып жаткан жарандарыбызга айтарым, сиздер эч кам санабаңыздар. Алтын жерде калбайт. Сатып алам деген кардарлар кезекте турушат талашып. «Кумтөр» боюнча эл аралык соттон утулуп калган күндө да Кыргызстан уттурбайт, ал үчүн элдин колдоосу зарыл. Макул, дүйнөлүк мафиянын таасирине салып бизди утуп алды дейли. Эмне болот? “Кумтөрдү” көчүрүп кетеби? Жер биздики, тоо биздики, байлык биздики, акыры келип эл да биздики го? Эл колдоп турса болду. Казып атабыз, каза беребиз. Эч ким тоскоол боло албайт«,-дейт президент.

Эске сала кетсек, канадалык «Центерра Голд» компаниясы иштетип келген Кумтөр алтын кенине быйыл май айында Кыргызстан убактылуу тышкы башкаруу киргизген. Ошондон бери өлкөдөгү эң ири алтын кенди кыргыз бийлиги өзү иштетип келет. «Кумтөр» кенинин ишин иликтеген мамлекеттик комиссия «Центерра Голд» Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөшү керек деген бүтүм чыгарган.

Мамлекеттик комиссия койгон доодон сырткары, Бишкектин Октябрь райондук соту «Центерра Голдду» Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген. “Кумтөр Голд” ишканасына ээлик кылган канадалык “Центерра Голд» компаниясы бул айыптоолорго макул болбой, кыргыз өкмөтүн Стокгольмдогу Эл аралык арбитражга жана Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сотко берген. Андагы соттук териштирүүлөр ушул тапта да уланууда.

Сырдуу, табышмактуу «Кумтөр» алтын кениндеги келишим…

Чубактын кунундай чубалган «Кумтөр» алтын кенинин чыры, “ыры”, келишпестик дале чечилбей келет. Бул сырдуу да, чырдуу да маселе тээ Аскар Акаевдин бийлигинен бери эле келатат. Кыргызстанда «Кумтөрдү» иштеткен “Кумтөр голд компани” жана “Кумтөр оперейтинг компани” ишканаларына байланыштуу соттук териштирүү 2012-2013-жылдары эле башталган. Экотехинспекция 4 доо менен: “кенден чыккан калдыктар муздун үстүнө ташталган”; “жер катмары бузулган”; “эсепке алынбаган уу заттар калдык сактоочу жайларга төгүлгөн” жана “суу үчүн акы төлөнгөн эмес” деп сотко кайрылган. Сот да улам жылып отуруп, 2016-жылдын май, июнь айларында Бишкектин райондук соту бул өтүнүчтөрдү канааттандырган. “Центерра” «кыргыз өкмөтүнүн дооматтарын негизсиз» деп, Гаагадагы эл аралык арбитраждык сотко кайрыларын жарыялаган. 2017-жылы Стратегиялык келишимге кол коюлгандан бери “Центерра” да эл аралык арбитраждагы териштирүүнү улам кийинкиге жылдырып келди… А чындыгында «Центерра Голд» компаниясы кайсы Өкмөт келбесин, аны менен тез тил табышып келишимди узартып келатышканы ачуу чындык.

Ак-Шыйрактагы алтын кени…

Кыргызстандагы алтын кендеринин эң ириси – «Кумтөр». Ал Ысык-Көл облусундагы Ак-Шыйрак тоо кыркасында жайгашкан. Анда учурунда алтындын 396 тоннадай кору бар деп эсептелген. 1997-жылдан 2018-жылга чейин 345 тоннадай, 2019-жылы, бир жыл ичинде 534,563 унций же 16 тоннадай алтын казылганы айтылган.

«Кумтөр» алтын кенинен кийинки сапта «Макмал», «Жерүй», «Талды-Булак», «Иштанберди», «Солтон-Сары» турат. Мындан башка дагы кендерибиз бар. Бирок, бардыгын чет өлкөлүк компаниялар иштетет… Ошондон, анык кожоюндары көп ачыкка чыкпай, лицензия алуу, берүү, кендердин туура иштетилиши, бизге пайданын чегерелиши ж.б. көйгөйлөр дале көмүскөдө калып келет…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.