Президенттин куттуктоосу. КТРКнын 23 жетекчиси: алгачкысы Рабия Менсеитова (ВИДЕО)

Президенттин куттуктоосу. КТРКнын 23 жетекчиси: алгачкысы Рабия Менсеитова (ВИДЕО)

Бүгүн, 8-декабрь, телекөрсөтүү жана радиоуктуруу кызматкерлеринин кесиптик майрамы. Кесиптештерди президент Садыр Жапаров куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосу толугу менен төмөндө:

Кыргыз Республикасынын телекөрсөтүү жана радиоуктуруу кызматкерлери!

Сиздерди бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктаймын!

Маалымат таратуунун ыкмалары жана элге жеткирүүнүн жолдору өнүгүп, атаандаштык күч алып жаткан мезгилде сиздер аркалаган кесиптин орду өтө бийик.

Өнүгүүнүн демократиялык жолунда бара жаткан өлкөбүздө коом турмушундагы окуяларды чебер чагылдыруу, аны бейтараптык жана калыстык менен айкалыштыруу бир топ эмгекти талап кылат. Эң негизгиси, сиздер коомдук пикирди калыптандырууда өрнөк боло турган туура багыт аркылуу элге таалим-тарбия берип, агартуу жаатында дагы чоң милдетти аткарып келесиздер. Ошондуктан, биринчи кезекте, элдин купулуна толгон жагымдуу жаңылыктар, таасирлүү каармандар тууралуу жогорку деңгээлдеги берүүлөрдүн көп болуусуна тилектешмин.

Жашап жаткан доорубузда не деген олуттуу окуялар, жетишкендиктер болуп жатат, эл ичинде ар кыл кесиптин не деген мыкты ээлери бар! Алар — сиздердин маектешиңер, ал турсун сырдашыңар болуп келүүдө. Алар менен калкты байланыштырып, телеберүүлөрдүн, радиоуктуруулардын сапатын көтөрүү сиздердин колуңуздарда.

Ошол эле учурда биз эфир сыртында эмгектенген кызматкерлерди да унутпашыбыз керек. Алар обого чыкпаса да, сапаттуу материал даярдоодогу орду өтө чоң.

Ошону менен катар мамлекет жарандарыбыздын маданий жана маалыматтык керектөөлөрүн телерадио берүү каражаттары аркылуу канааттандыруу үчүн бардык шарттарды түзүп, ар тараптан колдоо аракетинде экенин белгилейм.

Урматтуу телекөрсөтүү жана радио уктуруу кызматкерлери!

Сиздердин ишиңерге болгон кесипкөй, жаратман, олуттуу мамилеңер Мекен тынчтыгын, эл ынтымагын сактоого, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошо берерине ишенем.

Бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен дагы бир жолу куттуктаймын. Өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошуудагы ары кызыктуу, ары түйшүктүү ишиңерди албан-албан ийгиликтер коштосун! Сиздерге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт тилейм! Кесипкөй ишмердигиңиздер арта берсин!

КТРКнын тарыхы жана жетекчилери

Коомдук биринчи каналдын тарыхы 1958-жылдын 8-декабрынан башталат. Дал ушул күнү Кыргызстанда эң алгачкы телепрограмма эфирге чыккан. Ушул мезгилге чейин Кыргызстандын улуттук мурастарын сактап, алтын фонддун ээси болгон Коомдук канал маалымат айдыңында биринчиликте турат.

КТРК – Кыргызстандын дээрлик жалпы аймагын өзүнүн телеберүүлөрү менен камсыз кылган эң көлөмдүү корпорация болуп саналат. КТРКнын курамына “Коомдук биринчи канал”, “Музыка”, “Баластан”, “Маданият Тарых Тил”, “КТРК Спорт”, “Ала-Тоо 24” каналдары жана “Кыргыз радиосу”, “Биринчи Радио”, “Миң Кыял FM”, “Балдар FM”, “Достук” радиостанциялары кирет. Мындан тышкары корпорациянын түзүмүнө Республикалык телерадиоборбору (РРТБ) менен “Кыргызтелефильм” кирет.

Тарыхын бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуп, төмөндөгү ВИДЕОдон көрсөңүз болот.

КТРКнын кайсы жетекчиси эмнеси менен эсте калды?

 

1.  Биринчи төрайымы болуп Рабия Менсеитова дайындалган. (1958-1961-жж.)

2.   Айымбүбү Ботоканова      (1961-1964-жж.)

3.   Асанбек Токомбаев           (1964-1985-жж.)

4.   Асанбек Стамов                (1985-1986-жж.)

5.   Умтул Орозова                  (1986-1991-жж.)

6.   Сатыбалды Жээнбеков     (1991-1992-жж.)

7.   Түгөлбай Казаков,              (1992-1993-жж.)

8.   Кадыркул Өмүркулов,        (1993-1994-жж.)

 

9.   Абдиламит Матисаков             (1994-1996-жж.)

10. Аманбек Карыпкулов               (1996-2001-жж.)

11.  Молдосейит Мамбетакунов,   (2001-2002-жж.)

12.  Токтобүбү Айтикеева               (2002-2004-жж.)

13.  Сыртбай Мусаев,                     (2004-2005-жж.)

14.  Султан Абдракманов,              (2005-2006-жж.)

15.  Кыяс Молдокасымов                (2006-2007-жж.)

16.  Мелис Эшимканов                    (2007-2009-жж.)

17.  Кайыргүл Орозбай кызы          (2009-2010-жж.)

18.  Кубат Оторбаев                        (2010-2014-жж.)

19.  Султан Жумагулов                   (2014-2015-жж.)

20.  Илим Карыпбеков                     (2015-2019-жж.)

21.  Жайнак Үсөн уулу  (2019-2020-жж.)

22. Бахтияр Алиев (2020-2021-жж.)

23.  Кайрат Иманалиев (2021-жылдын 15-октябрынын бери башкы директорунун милдетин аткарууда)

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.