Эрнис АСЕК уулу: «Бүгүн агамдын туулган күнү. Сөгүлүп олтурам, төгүлүп олтурам…» (Архив)

Эрнис АСЕК уулу: «Бүгүн агамдын туулган күнү. Сөгүлүп олтурам, төгүлүп олтурам…» (Архив)

Эсен болуп, эстей жүр!  

9-ДЕКАБРЬ.«Жаштык жарчысы», «Асаба», «Агым» гезиттеринде башкы редактор болуп, кыргыз эркин журналистикасынын «Атасы» атыккан, 2000-жылы президенттик шайлоодо талапкер, 2005-жылы Жогорку Кеңештин үчүнчү чакырылышынын депутаты болгон белгилүү саясатчы, коомдук ишмер Эшимканов Мелис агабыздын бүгүн туулган күнү. Аттиӊ арман, көзү тирүү болгондо 59 жашка чыкмак экен. 

Агабыздан 2011-жылы, 15-сентябрда ажыраганбыз. Сөөгү 18-сентябрда «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлган. 

Андан бери 10 жыл өтүптүр…

АРХИВден…

Арманда кылып жүрүп агасынын артынан эрте кеткен бир тууган иниси Эрнис АСЕК уулуна 1 жыл 10 ай 9 күн болду. Дал ушул күнү байым таң атпай агасын бейитине барып келчү эле… Бүгүн өзү агасынын жанында… «Экөө акылдашып алгандай» деп төкмө акын Жеңишбек Жумакадыр жоктоо ырында жазгандай, экөө тең 49 жашында кетти… Арман… Арман… Силерсиз өткөн күндөр жалган…

Записки от скуки

9 — ДЕКАБРЬ

Жыл сайын бул күн СМС жөнөтүү менен башталар эле. Анткени, 9-декабрь – ага ордуна ага, ата ордуна ата, дос ордуна дос болгон жалгыз адамым – Мелис Эшимкановдун туулган күнү. Сөгүлүп олтурам, төгүлүп олтурам… эч калыпка түшалбай койдум. Гезит-телелер интервью сурашат. «Агаң жөнүндө сен айтпаганда, ким айтат?» дешет. Мен жылуу-жумшак баш тартам. Агам үчүн жасай турган эмгек алдыда…

Экөөбүз көп деле сүйлөшчү эмеспиз. Бири-бирибизди далыбыз менен түшүнчүбүз. Сөздүн да кереги жок эле. «Кандай, старик?» дейт. «Жакшы» дейм. Болду, бири-бирибизди түшүнгөн болобуз. «Сага бир тапшырма бар» деп калат. «Сизге да бир тапшырма бар» деп калам. Бир ачылганда, сөз бербей бажылдап калабыз. Ата сөзүн да, ага сөзүн да, дос сөзүн да айтат…

Агам баскан бактарды аралап келем. Бул жол менен үн-сөзсүз экөөбүз далай бастык. Бир күнү сейилдеп келатсак, августтун аягында болсо керек, «Эрнис, Тибеттин «Книга мертвых» дегенин окудуң беле?» деп калды. «Ооба» дедим. «Мен түшүнбөй койдум. Сага кандай таасир берди?» деди. «Ой, байке, аны эмне кыласыз? Аны түшүнүш үчүн даярдык керек. Сиз даяр эмессиз да» дедим тийишип. «Мухтар өлгөндөн бери өлүм жөнүндө көп ойлончу болдум. Анан Истинаны ойлойм. Качан өтөм, билбейм. Мага бир жыл жетет эле» дедиңиз. Унчукпадым. Кайрадан үнсүз басып жөнөдүк.

Байкем жөнүндө айта турган сөз оголе көп. Балалык кез, жаштык учур, ата-эне, кудай, кино, футбол, журналистика, саясат, жандүйнө, кыздар, кыргыздар, өлүм, өмүр, Истина ж.б.у.с. деги койчу, эмне жөнүндө гана сүйлөшчү эмес элек. Анын баары китепке жазылар. Менден эч нерсе жашырчу эмес. Билгенимдин баарын окурман журтчулугуна тартууларым бардыр. Мени өзгөчө жакшы көрчү. «Карачечекей иним» деп эч нерсе да аячу эмес эле. Азыр эч нерсе жазалбай турам. Калыпка түшалбай койдум…

Студент кезинде жазган новеллаларын таап алдым. Жыргап окудум, куунап окудум. Саясат менен чарпылбаса, гениалдуу жазуучу болмок экен. Болбой калды…

9-декабрь. Эми СМС жазайын…

Аска элең бороондордон тосуп турган, алсыз бир гүл да элең өсүп турган…

Эрнис АСЕК уулу,

9-декабрь, 2011-жыл, «Учур»

Биз сиздерди эч качан унутпайбыз! Жаткан жериңер жайлуу, топурагыңар торколуу болсун!

Назира СААЛИЕВА

P.S. «Өлгөндөр даңкталмайын, тирүүлөр баркталбайт!» дегендей, көзү өткөндөрдү даңктайлы, эмгеги менен эскерели. Тирүүлүктүн парзы ушул экен. Бүгүн кечке Мелис байкени эскеребиз. Эскерүүлөрдү беребиз!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.