«Гавайидеги» Жаңы жылдык балаты майрамы. Кимдер катышты?..

«Гавайидеги» Жаңы жылдык балаты майрамы. Кимдер катышты?..

Чүй райондук милициясы балдарга арналган Жаңы жылдык балаты майрамында коопсуздукту камсыздады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 17-декабрда билдирди.

Чүй районунун аймагында жашы жете электердин катышуусу менен Жаңы жылдык балаты майрамы кечээ, 16-декабрда уюштурулган. Жашы жете электерди кубанычка бөлөп, жагымдуу маанай тартуулаган бул иш-чара райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан уюштурулса, ал эми коомдук коопсуздуктун камсыздалуусу Чүй райондук милиция кызматкерлеринин көзөмөлүндө болду.

Жаңы жылдык балаты майрамы «Гавайи» эс алуу жайында уюштурулган. Ага Чүй районунан жалпысынан 61 жашы жете элек катышты. Алардын коопсуздугун камсыздоо максатында Чүй РИИБдин начальнигинин орун басары милициянын подполковниги А.И.Назаралиевдин жетекчилиги алдында милиция кызматкерлеринин көзөмөлүндө болду.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.