ВИДЕО — Нургүл Бакирова жергиликтүү судьяларга жана аппарат кызматкерлерине сыйлык тапшырды

ВИДЕО — Нургүл Бакирова жергиликтүү судьяларга жана аппарат кызматкерлерине сыйлык тапшырды

Бүгүн, 29-декабрда Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова жергиликтүү соттордун судьяларына жана аппарат кызматкерлерине Ардак грамоталарды тапшырды. Бул тууралуу Жогорку сотттун Басма сөз кызматы билдирди.

Сот адилеттигин жүзөгө ашырууда, соттордун ишмердүүлүгүн камсыздоодо жетишкендиктери үчүн Жогорку сотунун Ардак грамотасы менен Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы Айдыралиева Айсейил Абдыкадыровна жана Талас облустук сотунун төрагасы Боромбаев Мирлан Искакович сыйланды.

Кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткаргандыгы үчүн Жогорку сотунун Ардак грамотасы менен сыйланышты:

Сагымбаева Нурпериза Алымбековна — Жогорку сотунун аппаратынын жетектөөчү адиси;

Шакиров Атабек Мухтаридинович — Баткен облусунун Кадамжай райондук сотунун судьясынын жардамчысы;

Арзыбаева Нурила Анарбековна — Талас облусунун Талас райондук сотунун бөлүм башчысы;

Музукеева Эльнура Каныбековна — Чүй облустук административдик сотунун улук катчысы;

Киселева Светлана Ивановна — Чүй облусунун Панфилов райондук сотунун бөлүм башчысы;

Джанболотов Алмаз Арыстанбекович — Ысык-Көл облустук административдик сотунун бөлүм башчысы;

Болотбаев Марат Абдусаматович — Сот департаментинин Бишкек шаарынын Ленин райондук бөлүмүнүн сот аткаруучулар кызматынын улук сот аткаруучусу;

Мусурманкулов Бекмухаммет Лутуббилаханович — Сот департаментинин Бишкек шаардык экономикалык иштер боюнча бөлүмүнүн сот аткаруучулар кызматынын улук сот аткаруучусу.

Нургүл Жакыповна сыйлык ээлерин сыйылыктары менен куттуктап, аларга ден соолук, үй-бүлөлөрүнө бакубатчылык, иштерине ийгиликтерди каалады.

Жогорку соттун Басма сөз кызматы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.