Бүгүн, 21-мартта “Супара” этно-комплексинде чүкө оюндары боюнча мелдеш болуп өттү. Мындай иш-чараны «Айкүр» федерациясынын вице-президенти Искендер Кожокеев уюштурду.
Искендер мырзанын айтымында, бул оюнга 7 облустан жана Бишкек, Ош шаарынан келген оюнчулар катышты. Ошондой эле, ал бул иш-чараны өткөрүүгө салым кошкон “Супара” этно-комплексинин президенти Жаңылсынзат Тургамбаевага ыраазычылык билдирди.
Сыйлыкка ээ болгондор: Түкөшова Алтынчач, Аскарова Гүлназ, Алмамбетова Мээрим, Жамансартова Азиза, Рысбеков Чынгыз, Абдалимов Нурмухамед, Примбердиев Алтынбек, Жеңишбеков Анварбек, Нишанбаев Абдукадыр, Казиева Зиядагүл.
Эске сала кетсек, медицина илиминин доктору, профессор, эмгек сиңирген врач Камчыбек Узакбаев Айкүр» федерациясынын президенти болуп ушул жылдын 26-январында шайланган.
ЧҮКӨ ОЮНДАРЫнын таржымалы…
ЧҮКӨ ОЮНДАРЫ — кыргыз, түрк-монгол жана көчмөн калкынын элдик спорт оюндарынын бири.
Кыргыз калкы мал менен өсүп-өнгөн эл болгондуктан малдын чүкөсүн байыртадан эле пайдаланышып, кыштын узак түндөрүн чүкө ойноо менен өткөрүшкөн. Бул оюн жөнүндө элдик фольклордо, «Манас» эпосунда, жазуучулардын чыгармаларында кеңири маалыматтар бар. Мисалы, Кыргыз эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбековдун «Көк Асаба» китебинде мындай деп жазылган: «... Кызылга, көккө, сарыга боёлгон ашыктарды уул үймөктөп чачып салчу. Анан ал ашыктарын түскө бөлүп: сарысын «табгач», кызылын «түрк», көгүн «кыргыз» уулу деп, үч топту үч тарапка жайнатып кулжа, теке сакаларды кол башы деп алдыга жылдырып…
«Чабыш» оюнун ойногон эрке талтаң уулдар азыр керегеде илинген тулубун карап, андагы чүкөсүн сагынып, ыйлагысы келет...»
Чүкө оюндарынын байыркылыгы «Манас» эпосунда да жазылып, Манастын ашык ойногондугу, ордо аткандыгы айтылат. Чүкөнү мурда «ашык, эңке» деп да аташкан.
Чүкө салган баштык — тулуп, койдун чүкөсү — койгут (кээде аркардын кичирээк сакасы да койгут делет), эликтики — элик бапый, тоо теке, аркар, кулжаныкы — сака, эчкиники чыймыт, уйдуку — томпой, доңкей деп аталат.
Абалак — мүйүздөн төрт кырдуу жасалып, негизинен ордого гана колдонулат. Чүкө оӊ, сол болуп бөлүнөт. Конушуна жараша алчы, таа, бөк, чик деп айтылат.
Айкүр — бул оюнду эки же андан көп бала ойнойт…
Түз сызык сызылып, аны бастыра чүкөлөр бири таа, бири айкүр (алчы) тизилет. Анан сакалар калчанат. Биринчи конгон саканын ээси чүкөлөр тизилген чийиндин четин басып туруп, өз сакасын калчап, сызыктан узак ыргытат. Эгерде сака үч тапандан жакыныраак түшүп калса, анда ошол саканын ээси оңдоп ыргытат. Биринчи эле калчаганда сакасы айкүр конуп калган оюнчу сакасы түшкөн жерди басып туруп, сызыкта тизилген чүкөлөрдүн каалаганын мээлеп атат. Анын сакасы чүкөгө тийип, ал чүкө чийинден үч тапан алысыраак түшсө, оюнчу чүкөнү утат да, кайра дагы атууга укук алат. Биринчи чүкөнү утуп алган учурда оюнчунун сакасы чоң чийиндеги чүкөлөргө канчалык жакын туруп калса, оюнчу үчүн ошончолук пайда. Себеби, оюнчу жакындан чийинде тизилип турган чүкөнү «кыйыры менен» деп айтат да, бир нечесин ута алат. Кыйыр учурунда үч тапандан алыс барып түшкөн чүкөлөр оюнчунун утканы болуп эсептелет. Ушинтип акыркы чүкөнү утуп алгыча кайталап ата берет. Ыргыткан учурда оюнчунун сакасы айкүр конбой калса, анда ал оюнчунун сакасы ошол түшкөн жеринде калат да, андан кийинки сакасы конгон оюнчу өзүнүн сакасын чийиндин четин таманы менен басып туруп, тигинден башка тарапты көздөй өкчөп ыргытат, же анын сакасын атат. Эгер экинчи оюнчу биринчинин сакасын үч тапандан алысыраак ыргыта ата алса, биринчи оюнчу оюндан чыгат. Оюн ушундайча улантылат. Акырында кимдин сакасы мыкты болсо, ким таамай ата алса, ошол баарын утуп чыгат.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы