Чек ара кызматынын мурдагы төрагасы Замир Молдошев бүгүн 7-июнда каза болду. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
«Эрдик» медалынын ээси 69 жаштагы маркум З.Млдошев Жалал-Абад облусундагы Сузак районунда 1953-жылы төрөлгөн. Ал Самарканддагы Жогорку аскердик танк окуу жайын жана Орусиянын Аскердик академиясын аяктаган. Взводдун командиринен тартып Чек ара кызматынын жетекчилигине чейинки кызматтарда иштеген. 2012-жылы президенттик администрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу “Садыркуловдун чек арадан өткөндүгүн Жаныш Бакиевге маалымдап турган жана кылмышты жаап-жашырган” деп айыпталып, күчөтүлгөн режимдеги абакка беш жылга эркинен ажыратылган.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы