30-июнга чейин күн ысык болот. Аба ырайы өтө ысык болгондо күндөн сактануу эрежелерин кармануу керек! Бул тууралуу «Кыргызгидромет» билдирип, эскертти. Алардын маалыматына караганда, абанын күндүзгү температурасы Чүй облусунун өрөөнүндө 36-38 градуска чейин, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө 38-40 градуска чейин жетет. Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 20…22, күндүз 36…38 градус болот.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 18…23, күндүз 33…38,
Талас облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 31…36,
Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 19…24, күндүз 34…39,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн 10…15, күндүз 25…30,
Нарындын өрөөндөрүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 25…30.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы