ВИДЕО — 100 жаштагы жазуучу, акын Асек Урманбетовду судьялар куттукташты…

ВИДЕО — 100 жаштагы жазуучу, акын Асек Урманбетовду судьялар куттукташты…

Судьялар Улуу Ата мекендик согуштун ардагери, акын жана жазуучу Асек Урманбетовду 100 жашка чыгышы жана Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктап, материалдык жардам көрсөтүп, белек берип, ден соолук каалашты. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбековдун тапшырмасы менен ардагер атаны куттуктаганы Бишкек шаардык сотунун төрагасы Нурбек Эсеналиев, Бишкек шаарынын райондук сотторунун төрагалары: Кымбат Архарова, Талайбек Абыкеев, Чолпон Досмамбетова, Алмаз Калыбаев, Кубанычбек Касымбеков жана Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук сотунун судьясы Нуркалый Асанбаев барган.

Сот тутумунун өкүлдөрүнө Асек Урманбетов  “Кылым карыткан өмүр” китебин эстеликке берип, бул китеп окурманды Мекенди, эл-жерди сүйүүгө, эң оор сыноолордо да үмүт үзбөөгө үндөй тургандыгын айтып берген. Өлкөдө болуп жаткан өзгөрүүлөргө баам салып, ой калчаган ардагер ата ар дайым мекенчилдик сезимдин зарылдыгын айтып, ал үчүн Улуу Ата мекендик согушта өзүнүн жана замандаштарынын эрдиктерин кийинки муундарга байма-бай айтып тураарын белгилей кеткен.

Жаңырган жыл башында — 2-январда 100 жашка толуп, кылымдын карыткан Асек Урманбетов атабыз учурда 68 небере, чөбөрө, кыбыранын чоң атасы. Колунан калем түшүрбөй, бош убактысында роман, поэма, ырларды жазып, бир катар китептери да жарык көргөн. Ал китептерди сатуудан түшкөн каражаттарга 100дөн ашык мектеп, жогорку окуу жайларга, интернат, куралдуу күчтөрдүн аскер кызматкерлерине, муктаж болгон үй-бүлөлөргө материалдык колдоо көрсөтүп келет кутман кары атабыз. 

Бизге ушундай заманды алып келген согуш ардагери Асек атабызды майрамы менен куттуктап, бекем ден соолук каалайбыз! Карылык дөөлөткө жеттим дебей, өмүрдүн жүзүнчү ашуусунда да биз үлгү тутар иштерди жасап, китеп жазып жатканыңызга, жардам берип жатканыңызга ыраазычылык билдиребиз! Кудай таала өмүрүңүзгө берген берекенин жарыгы бардык урпактарга да тийсин, оомийин! 

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.