ВИДЕО — Жарылган машинадан жабыркаган эки баланын энеси элге кайрылды

ВИДЕО — Жарылган машинадан жабыркаган эки баланын энеси элге кайрылды

Денесинин 55 пайызы күйүп калган Ырысгүлгө 30 миң доллар керек!

Кечээ эле суйкайган сулуу кызыбыз капысынан кырсыкка учурап, учурда Кудайдын сыноосунда турат. Ал эки баланын (улуусу 5 жашта, кичүүсү үч жарым жашта) энеси, 1996-жылы туулган Съездбек кызы Ырысгүл. Айтымында, былтыр (2022-жылы) 27-мартта, машинанын газына жарылып кетип, алоолонгон оттун ичинде калып, Алла Тааланын колдоосу менен тирүү калган. Врачтардын айтымында, денесинин 55 пайызы күйүп калган (3-степенде). Колдорунун суставдары кыймылдабайт, эч нерсе кармай албайт. Эки баласына өз колу менен тамак жасап, баягы бактылуу күндөргө кайрылгысы келет. Индияда боло турган операциясына жалпысынан 30 миң доллар керектелүүдө…. азыр анын жарымы гана чогулган (14 миң доллардан ашык, 15 миңге чукул)…
Ырысгүл айымдын КАЙРЫЛУУСУ бул ВИДЕОдо
МУКТАЖ АДАМДЫ КЫЙЫНЧЫЛЫККА КАЛТЫРБАГАН БООРУКЕР, КАЙРЫМДУУ КЫРГЫЗ ЭЛИМ! «Көп түкүрсө көл болот» дейт, келгиле, жабыла жардам кылалы! Кыргыз журту мындайда кайдыгер караган эмес. Колдон келген жардамыбызды аябайлы, туугандар!

Жардам берем дегендер төмөнкү ДАРЕКке (Ырысгүл айымдын өзүнөн такталды) жөнөтсөӊүздөр болот.

Реквизиттер:

Съездбек кызы Ырыскул (0702) 940190 (Бакай банк).
9714039444416909 Бакай банк.
Элсом 0702940190 О деньги (единица )
+996 702 940 190: 0508083904 м банк Мамытова Гулзат (апасы)
+996 702 940 190: 0508083904 О деньги (апасы)
Шылуундардан абайлаӊыздар!
Мындайда шылуундар да пайда боло калат эмеспи. Андыктан абайлап, Ырысгүл айымдын телефон номуруна (0702- 940190) чалып, даректи тактап, акчаны анан салыңыздар!
Ырысгүл айымдын айтымында, анча-мынча адамдар сурабай эле номурларын коюп, социалдык тармакка таратып жатышыптыр… Алар ал акчаны береби-бербейби, бул чоң суроо… Андыктан шылуундардан абайлаӊыздар!
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы
P.S. Чыныгы муктаж болгон адамдын атын пайдалангандар болсо, алардын аты-жөнүн ачык эле айтып чыгарын Съездбек кызы Ырысгүл билдирди. 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.