«Педагогикалык Сармерден» сынагына 60 мугалим катышып, күч сынашат. Баш байгеге эки жылкы сайылды…

«Педагогикалык Сармерден» сынагына 60 мугалим катышып, күч сынашат. Баш байгеге эки жылкы сайылды…

Талас облусунун мугалимдеринин таймашы…

Талас облусунун Талас районундагы К.Нанаев атындагы Арал орто мектебинде 56 жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келаткан Эл аралык коомдук Айтматов академиясынын академиги, Кыргыз Эл мугалими, республикага таанымал легендарлуу педагог Бектур Исаков агайга арналган «Педагогикалык Сармерден» аталыштагы иш-чара эртең, 29-апрелде, Талас шаарындагы Атай Огомбаев атындагы балдар музыкалык мектебинде жыйынтыкталат. Бул тууралуу Бакай-Ата районундагы В.И.Ленин орто мектебинде 10 жылдан бери окутуучу болуп эмгектенип келаткан, кыргыз тили жана кыргыз адабияты мугалими Нуржамал Боромбаева билдирди. Анын айтымында, уюшулган иш-чарага райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, кыргыз тили жана  адабияты сабагынын мугалимдери чакырылган.

2022-2023-окуу жылында жарыяланган “Бектур агай” жылын салтанаттуу жыйынтыктоо боюнча программасы бекитилген. Ал программанын алкагында Талас облусунун мугалимдери өз билимдери боюнча таймашат. Талас, Манас, Кара-Буура, Бакай-Ата районунан келген 60 (ар бир райондон 15) мугалим күч сынашат. Баш байгеге Бектур агай эки жылкы сайган. Мындан тышкары, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар, төш белгилер, облустук билим берүүнүн Ардак грамоталары жана кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылат.

Мындай иш-чаранын максаты — мугалимдердин педагогикалык чеберчилигин өркүндөтүү.  Таймаш саат 10:00до башталат. Мугалимдерге 9 тапшырма, «Манас алиппеси», «Сабат алиппеси», «КР Эл мугалими Бектур Исаков» китептеринен суроолор берилет.

Боромбаева менен тыгыз кызматташтык…

Баса белгилей кетчү нерсе, мугалим Нуржамал Боромбаева менен биздин «Алакан» сайты Бектур Исаков агайыбыз тууралуу маалымат боюнча тыгыз кызматташтык. Ал «Бектур Исаков — менин агайым» аталышта агай тууралуу макала жазып берип, сайтыбызга былтыр (15.10.2022-жылы) жарыяланган. Анда ал мындай деген: «Элеттик агайдын 80 жылдыгынын урматына «Бектур агай жылы» деп жарыяланып, ага Бакай-Ата районунун мектептерине агайдын иш тажрыйбасын жайылтуу, жаш мугалимдерге усулдарын тааныштыруу максатта Бакай-Ата районунун Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Кулукеева Бактыгүл эженин жетекчилиги алдында, райондун алдыңкы кыргыз тилчилери – Гүлмира Байбосунова, Наргиза Самакова жана мен, Нуржамал Боромбаева болуп 10 пункттан турган Жобо иштеп чыкканбыз»

Ошентип, жогорудагы Жободогу пункттун баары аткарылып, эртең жыйынтыкталганы турат. Биздин сайт менен кызматташкан Бектур агайдын окуучулары: Нуржамал Боромбаевага,  Элнура Калназаровага, Динара Бейшеналиевага, Ленакан Жумалиевага терең ыраазычылык билдиребиз. Ал эми эртеңки сынакка катышып жаткан мугалимдерге ийгилик каалайбыз!

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.