«Түндө чыкчу ай өлдү, Күндүз чыкчу күн өлдү». Аксуусар карындашынын кошогу…
Фергана өрөөнүндө жашаган кол башчы, саясий ишмер, кушчу уруусунан чыккан, 18-кылымдын башында (1690—1761) төрөлгөн Калча уулу Кубат бийдин атасы жуңгар жапырыгында сүрүлгөн кыргыздардын Анжиянга жайгашкандарынын башчысы болгон. Кубат бий эр жеткенде жуңгарларга каршы согуштарда Абдыкерим бий жетектеген кокон-кыргыз союзундагы мыкты баатырлардын бири катары тааныла баштаган. Абдыкерим бийдин мезгилинде жуңгарлардын баскынчылыгына каршы биргелешип сокку уруу үчүн Кокон бийликтери Кубат бий башында турган кыргыздар менен союз түзүп, алардын биргелешкен күчү баскынчыларды Ферганадан кууп чыккан. 1751-жылы Кокондогу бийликке Эрдене бий келгенде, кыргыз баатырлары союздан бөлүнүп, ата-журт үчүн чыгышка карай жортуул башташса, ал эми Кубат баатыр кокондуктар менен бирге болуп, батышка карай уюштурулган жортуулдарга катыша баштаган. Кокон хандыгын Эрдене бий башкара баштаган кезде, Оротөбөгө ээ болуу максатында ал кыргыз бийлери менен өнөктөш болууга аракеттенип, мына ушул кырдаалда да Кубат бий негизги ролду ойногон. Бирок, 3 жылдан кийин Оро-Төбөдөгү түшүнбөстүктөрдөн улам анын кокондуктар менен болгон мамилеси бузулган.
1755-жылы Кубат бий Цин империясына каршы боштондук кыймыл жүргүзүп жаткан кашкарлык Жусуп Кожонун чакырыгы боюнча аскерлери менен Чыгыш Түркстанга кеткен. 1755-жылы Кубат баатыр-бий өз күчүн цин-манжуларга каршы багыттоону чечип, Кашкар тараптагы согуштарга катышууга жөнөгөн.
Кубат бий Чыгыш Түркстандын боштондугу үчүн күрөшкөн кожолорго аскердик жактан зор көмөк көрсөтүп, акысына Кашкардын айланасындагы кызылсуулук кыргыздардын үстүндөгү бийликке ээ болгон жана ал жерде өз алдынча кыргыз хандыгын түптөгөн. Тарыхый булактарда айтылгандай, Кубат бий «кыргыздын падышасы» аталып, «өз алдынча башкаруучу катары жеке пайдасы үчүн тигил же бул башкаруучу менен каалагандай достошуп же ажырашып турган». Кокон хандары жана Кытай императору Кубат бийдин пикири менен эсептешкен. Бирок, 2 жылдан кийин кытай тыңчыларынын аракети менен ички келишпестиктер пайда болуп, Кубат хан кайра Фергана өрөөнүнө кетүүгө аргасыз болгон. Анын кетиши менен Шинжаң аймагы Цин империясынын карамагына өткөн. Ошондон кийин Кубат хан Ошту коргоп калуу үчүн кокондук Эрдене бий менен тиреше башталат. Тилекке каршы, көп өтпөй колго түшүп, өлтүрүлгөн. Ал жакта набыт болгонун уккан карындашы Аксуусар мындай деп кошкондугу эл оозунда айтылып келет:
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы