Айнагүл САПАРБЕК кызы: “Эрнис байке чексиздик койнунан орун тапкандыр…”

Айнагүл САПАРБЕК кызы: “Эрнис байке чексиздик койнунан орун тапкандыр…”

Эсен болуп, эстей жүр!

РЕДАКЦИЯДАН: 13-июнь. Жазуучулар союзунун мүчөсү, журналист, акын, котормочу Эрнис АСЕК улуу (1970-2020) жарык дүйнөгө келген күн. Көзү тирүү болгондо 53-жайды тосмок экен. Ажыраганыма 3 жыл 5 ай 13 күн болду. Көзү өткөндөн бери өзү да, сөзү да, эмгеги да эскерилүүдө… Эскерүүлөр алгач өзү “Алакан” деп атаган сайтыбызга жарыяланып, кийин китептен орун алмакчы.

Буга чейин Ригада чогуу окуган группалашы Паймон Бахти эскерсе, бу жолу «Агымда» чогуу иштеген кесиптешибиз Айнагүл Сапарбек кызы эскерет.

“Эрнис байке “китеп жечү”…”

… Устатым Мелис байкенин (Эшимканов) аркасынан Эрнис байке узады. Өздөрү көп оозангандай улуу чексиздикке карай…

Экөө тең бул жалгандын “чындыктары” менен түбөлүк күрөшүп жашагандай туюлар эле мага. Тынымсыз талашып-тартышып, кайра-кайра урушуп, бир макул болсо, миң каршы чыгып, тынбай айтышып тургандай эле заман менен! Мунун баары алардын ар бир жазганынан байкалчу. Балким, экөө тең заманынан эрте, мүмкүн кеч төрөлүп калгандыр.

13-июнь! Бул күнү биз жамаат менен бир жыргар элек кеңсенин кичинекей буфетинде. Көп күлчүбүз. Биздин кыраан каткырыгыбыз “Манас 40” дарегиндеги имаратты жаңыртар эле. Анан Мелис байке келчү. Маанайы чөгүңкү болсо, кабагын чытый бизди кабинеттерге таратат. Көңүлү жайдары болсо, бизге кошулуп, эки Эшимканов биздин боорубузду эзишчү. Жамаатыбыздагы ар бир киши да алар менен бир толкундагыдай бөтөнчө жандар. Биринин тамашасын экинчиси илип, андан ары улап кетер эле. “Агымдын” тамашасы да өзгөчө десеңиз. Дүйнөсү тайыз киши терең аңдабастыр.

Эрнис байке баарлашууга бир сүңгүп алганда өз ааламынан кеп баштачу. Орус классиктеринин калем тамчыларынан дүйнөлүк шедеврлерге карай. “Китеп жечү”, элде көп китеп окуган кишини ушинтип коюшат эмеспи. Айткандарын тыңдап отуруп, ушунча автордун ошончо көп чыгармасын кантип окуп үлгүргөн деп таңгалчумун. Окуп тим болбой, өз дүйнөсүнө жараша талдап алганы байкалчу.

… Кеткени, албетте, ичти ачыштырат. Бирок, кайра өзү менен, заман менен тынымсыз айтышы акыры токтогондур, жымжырттык, чексиздик койнунан орун таап, жан дүйнөсү жай алгандыр деп өзүмдү жооткотом. Ыйманыңыз саламат болсун, бейиши болгур, Эрнис байке!

Айнагүл САПАРБЕК кызы

P.S. Алдыда дагы эскерүүлөр бар.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.