Аскар САЛЫМБЕКОВ: «Маданиятсыз” күйөрмандардын иш-аракеттери зээнди кейитти. Келечекте мындайга жол бербейли!»

Аскар САЛЫМБЕКОВ: «Маданиятсыз” күйөрмандардын иш-аракеттери зээнди кейитти. Келечекте мындайга жол бербейли!»
Ошентип бул жума дагы аяктап калды. 31-августта Кыргызстан көз карандысыз мамлекет болгонуна 32 жыл болгонун майрамдадык. Өлкөбүз эгемендикке 1991-жылы жетишкен. Эгемендик күнүнө арналган негизги салтанаттар быйыл Ош шаарында өткөрүлдү.
Ордолуу Оштогу “Төлөйкөн” ат майданында 31-августта президенттин кубогу үчүн көкбөрү мелдеши болуп, финалга чыккан “Ынтымак” (Талас облусу) менен “Достук” (Ош облусу) командалары күч сынашты.
Эки мыкты команданын беттешине президент Садыр Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү, Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков, башкы прокурор, Эл аралык көкбөрү федерациясынын президенти Курманкул Зулушев да катышты. Президент оюндун аягына чейин отурган жок.
Жыйынтыгында “Ынтымак” 2:1 эсебинде «Достукту» жеңип алды.
Оюндун аягы, тилекке каршы, чыр менен аяктады. Тагырагы, мындай жыйынтыкка нааразы болгон айрым ашынган күйөрмандар (фанаттар) талаага чуркап чыгып, калысты кубалап, ага бош баклашка, таш ыргытышты… «Тез жардам» унаасын да таш менен уруп, терезелерин талкалашты… Андагы массалык башаламандыктан кийин жүзгө жакын адам медициналык жардам сурап кайрылган. Мындан тышкары, милиция кызматкери жаракат алып, Ош шаардык ооруканасына жаткырылган. Ошондой эле «Тез жардам» унаасынын айдоочусу жабыркаганын Ош облусунун Саламаттыкты сактоо координатору билдирген. 
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 1-сентябрга караган түнү билдирүү жасап, чырды иликтөө башталганын, күнөөлүүлөр жазаланарын айткан. Айтканындай эле, жаңжалга байланыштуу жалпысынан 39 адам облустук милицияга алып келинип, сурак берген. Алардын бешөөнө Кылмыш-жаза кодексинин 280-берененин негизинде («Бейбаштык») кылмыш иши козголуп, Кара-Суу райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин облустук милициянын басма сөз кызматы билдирген. 

Аскар САЛЫМБЕКОВ: «Калыс бул жактан экен, федерация тиги жактан экен» деген сөз — суу кечпеген кеп»

Андагы жаңжал боюнча коомдук ишмер, меценат Аскар Салымбеков «Фейсбуктагы» баракчасына бүгүн (3-сентябрда) төмөндөгүдөй пост калтырды:
Ош шаарындагы ат майданда өткөн көкбөрү оюунунда күйөрмандардын туура эмес мамилеси тууралуу бир-эки сөз… Биринчиден, бул деген спорт, ар бир команданын өз күйөрмандары болот, бул талашкыз нерсе. Ошол эле көкбөрү сыяктуу миң жылдык тарыхка бай башка спорттордун түрлөрү бар, ал жактарда деле буга чейин ушундай күйөрмандар бири-бири менен чабышып кеткен нерселери орун алып келген. Биз азыр 21- кылымда жашап жатабыз. Бүгүнкү күндө көкбөрү спорттун түрү катары толук калыптанып, белгилүү эрежелерди сактап, калыстардын тобуна баш ийет.
Мисалы, азыр дүйүнө жүзүндө футбол, хоккей сыяктуу оюндар кандай өнүгүп-өстү. Ал жерде бардык эрежелер, мыйзамдар өтө катуу сакталат. Эгер оюн учурунда бир эле киши оюн талаасына чуркап чыкса стадиондун жетекчилигин, команданын жетекчилерин өтө чоң айыпка жыгат. Ал гана эмес башаламан болгон стадиондордо оюн да ойнолбой калат. Бул тартип-талап 19-20 кылымдарда эле Англия, Францияда орнотулган. Андай талаптардын арты менен күйөрмандардын маданияты өскөн да. Анан кечээ жакында болуп өткөн күйөрмандардын “маданиятсыз” иш-аракеттери илгерки кылымдарда орун алган көрүнүштөрдү эске салып, зээнди кейитти.
Спортто бирөө жеңилет, бирөө жеңет. Эгерде чынында калыстардын катачылыгы болсо, анда ар бир спорттун өзүнүн федерациялары бар. Ошол жерде соттук, дисциплинардык комитеттер түптөлгөн. Комитет калыска тийешелүү чечимди видеодон карап, тыянак чыгарат. Эгерде калыстын чечими туура эмес болсо, анда ал бир нече оюнга дисквалификацияланат, ал гана эмес чоң ката кетирген учурда өмүр бою калыстыктан четтетип да салышат.
Ал эми бизде орун алган ат майданындагы күйөрмандардын мамилелери бир дагы эрежеге туура келбейт. Ал жакта регионалдык бөлүнүүгө, жарылууга да коркунуч жаралды. Биз ал нерсеге жол бербешибиз керек! Жер-жерге, аймактарга бөлүнүп, «калыс бул жактан экен, федерация тиги жактан экен» деген сөз ал суу кечпеген кеп.
Спортту биз саясатташтырбай, трайбализм, регионализм деген нерселерден алыс болуп, маданияттуулугубузду өстүрүшүбүз керек. Антпесек бардык спортту өлтүрүп алабыз, намысыбызды тебелендиге калтырабыз.
Көкбөрүдөн башка футбол, волейбол, хоккей жана башка спорттун түрлөрү өнүгүп келе жатат. Ошон үчүн бул жерде ынтымактуу, бирдиктүү болушубуз шарт. «Чүйгө келсе Чүйдүн командасы жеңет, Нарынга келсе Нарындын командасы жеңет, Таласка келсе Таластын командасы жеңет» дегенден алыс болушубуз керек. Күчтүү командалар жеңет, бир жылы Чүйдүн командасы, кийинки жылы Жалал-Абаддын командасы күчтүү болот. «Оомалы-төкмөлүү дүйнө» деп бекер айтылбайт. Бул нерсени туура түшүнүп алып, анан күйөрман бололу. Эмоцияга алдырбай, Кыргызстандын намысы, келечеги үчүн бардыгыбыз биримдикте, ынтымакта болушубуз керек. Келечекте мындайга жол бербейли!

Аягында…

Аскар агабыздын айтканында калет жок. Баары туура. Эске алалы, туугандар! «Эси жок болушат» болуп дүйнө жүзүнө уят болдук… кошуна мамлекеттер жаңылык кылып көрсөттү! Мына, «Ынтымак» менен «Достук» командаларынын ортосунда араздашуу жок экенин эки команда тең айтып чыгып, элди биримдикке чакырып, баары жакшы экендигин билдиришти. «Ынтымактын» балдарына аргымак мингизишти оштук туугандарыбыз… «Ынтымак» командасы Таласка барышты, аларды жаштар тосуп алышты. Эми ушундай жакшы маанайдагы тасманын алдына да жаман сөздөрдү жазып жаткандар болууда… Бул дагы маданиятсыздык! Келгиле, туугандар, жакшы жакты да көрө билели! Ар дайым ЫНТЫМАКТА, ДОСТУКТА бар бололу, ар бир иште бир бололу!

Даярдаган Гүлгаакы ЖАКЫПОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.