«Жаңы доор – жаңы жол»… Замирбек Базарбековдун билдирүүсү…

«Жаңы доор – жаңы жол»… Замирбек Базарбековдун билдирүүсү…

«Жаңы доор – жаңы жол»…

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков бүгүн, 6-октябрда, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Адвокаттар кеңеши жана «Мыйзамдын диктатурасы» компаниялар Тобу менен өнөктөштүктө Евразия кызматташтыгынын Эл аралык уюму тарабынан уюштурулган «Жаңы доор-жаңы жолдор» дүйнөлүк форумунун көчмө жыйынына катышты. Иш-чарага бийлик өкүлдөрү, эл аралык уюмдар, бизнес коомчулугу, практик юристтер, саясий, коомдук жана илимий ишмерлер, салттуу диндердин өкүлдөрү катышты.

Бул тууралуу Жогорку соттун Басма сөз кызматы билдирип, маалымат таратты. Анда мындай деп жазылган:

Дүйнөлүк Форумдун ишмердүүлүгүнүн алкагында биринчи жумушчу көчмө жыйын Кыргыз Республикасынын борбору Бишкек шаарында өтүп жатканы өзгөчө кубандырат.

Ошондой эле өнөктөштүктүн тандалган форматын өзгөчө белгилеп келип жатат. Ал ар түрдүү тармактардын: эл аралык уюмдардын, коомдук бирикмелердин, бийлик органдарынын, бизнестин, маданият, искусство, илим жана дин чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүн жана адистерин бириктирүүгө багытталган.

Албетте, мындай формат көйгөйлөрдү ар кандай көз караш менен талкуулоого жана кароого жана аларды чечүүнүн натыйжалуу жолдорун табууга мүмкүндүк берет.

Ушуну менен бирге эле  мындай ыкма форумга ачык мазмундуу баарлашууну түзүүгө, пайда болгон маселелерди сапаттуу талкуулоо үчүн натыйжалуу аянтчалардын бири болууга шарт түзөт.

Аянтчанын катышуучулары прогрессивдүү идеялар, топтолгон тажрыйбалар, билимдери менен  өз ара активдүү алмашып, жаңы тенденцияларды иштеп чыгышып, өздөрүнүн кесиптик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейте алышат. Бул ыкма менен Форум коопсуз, туруктуу жана гүлдөгөн жалпы келечекти курууга салым кошот деп ишенем”, — деп билдирди Замирбек Базарбеков.

Мындан тышкары төрага бардыгыбыз күч-аракеттерди бириктирип, туруктуу жана конструктивдүү диалогду жүзөгө ашырып, чыныгы кызматташтык атмосферасын түзүүгө умтулушубуз керек  деген пикирин кошумчалады.

Даярдаган Гүлгаакы ЖАКЫПОВА

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.