Айгүл ТОГОЛОКОВА: «Элден айланса болот. Ыраазымын!»
6 жаштагы кичинекей балабыз Эсенбек уулу Алибекке тез аранын ичинде Түркиядан жүрөгүнө операция жасатыш керектигин, зарыл сумма 24 миң долларды түзгөнүн жазганбыз. Андан бери 17 күн өтүптүр…
Алибектин акын чоң апасы Айгүл Тоголоковадан «Керек сумма чогулдубу?» деп тынчсызданып сурадык.
«Элден айланса болот, акча чогулуп жатат. Гүлжигит Калыков, Курал Чокоев, Нурлан Насип сындуу ырчыларыбыз да реакция кылып, постубузду бөлүшүп коюшуптур… Катталуучулары көптөр бөлүшүп койсо, кудайга шүгүр, ал да чоң жардам экен…
Курал иним кичинекей кызы менен чакай үй оюнчугун 10 миң сомго сатып, аны эсеп коруна которушуптур… тимеле ич жылыды…
Неберемдин ырыскысы бар экен, ушундай жакшы адамдардын колдоосу менен, кудайга шүгүр, каражат чогулууда… Кудай буйруса, аркы аптада Түркияга учуп кетишет. Жараткандын колдоосу, элдин батасы менен неберемдин операциясы ийгиликтүү өтөт деп ойлойм. Бар болуңуздар, айланайын калкым! Бизге кылган жакшылыгыңар Кудайдан эселеп кайтсын! Кыялдарыбыз, тилектерибиз ишке ашсын!» — дейт Алибектин чоң апасы…