Садыр ЖАПАРОВ: «Газада бейкүнөө наристелер, аялдардын өмүрү кыйылууда… Кыргызстан гумжардам берүүгө даяр»

Садыр ЖАПАРОВ: «Газада бейкүнөө наристелер, аялдардын өмүрү кыйылууда… Кыргызстан гумжардам берүүгө даяр»

Президент Садыр Жапаров Эр-Рияд шаарына (Сауд Аравия Падышалыгы) иш сапары менен барып, Ислам кызматташтык уюмунун кезексиз 8-саммитине катышты. Мамлекет башчысы кечээ (11-ноябрда) саммитте сүйлөп, Газа секторундагы калкка Кыргызстан гуманитардык жардам берүүгө даяр экендигин билдирди.

Президенттин саммитте сүйлөгөн сөзү:

Бул чыр-чатактын кесепетинен жакындарын жоготкон үй-бүлөлөргө жана бир айдан ашык убакыттан бери күчөгөн зордук-зомбулуктун натыйжасында эбегейсиз жоготууларга жана кыйынчылыктарга дуушар болгон бардык палестиналык жарандардын кайгысын кыргыз эли тең бөлүшөт. Ар бир кыйылган өмүр – бул чоң трагедия. Өз кезегинде, Кыргыз Республикасы Газа тилкесиндеги карапайым калктын азабын жеңилдетүү үчүн гуманитардык жардам көрсөтүүгө даяр.

Биз палестиналык боордошторубузга тышкы агрессияны жана бейкүнөө адамдардын өлүмүн токтотууга колдоо көрсөтүү, ошондой эле гуманитардык жардам берүү биздин жалпы милдетибиз деп эсептейбиз. 

Газа тилкесиндеги уруш аракеттери Палестина элинин көп сандаган курмандыктарына жана азап-кайгысына алып келди, бул болуп көрбөгөндөй гуманитардык катастрофа. 

Бейкүнөө жарандардын, анын ичинде наристе балдар менен аялдардын өмүрлөрү кыйылышы кабыл алынгыс жана эл аралык коомчулук тарабынан кеңири айыпталууга тийиш. 

Жарандык инфраструктурага, мектептерге, ооруканаларга жана турак жайларга тандоосуз кол салуу эл аралык гуманитардык укукту бузуу гана эмес, адам укуктарын да олуттуу бузуу болуп саналат.

Ошол эле учурда, биздин Ислам Үммөтүнүн эл аралык коомчулукту бул баскынчылыкка каршы бирдиктүү жана консолидацияланган позицияны карманууга ынандыруусу жана кагылышуучу тараптарды сүйлөшүүгө отургузуу үчүн эл аралык аракеттерди активдештирүү зарыл. 

Чыр-чатактын катышуучулары жарандардын өмүрүн коргоого артыкчылык берүүсү жана Бириккен Улуттар Уюмунун негизги документтеринде бекитилген эл аралык гуманитардык укуктун универсалдуу эрежелерин урматтоосу өтө маанилүү. Адилеттүүлүк, теңдик жана адам укуктарын урматтоо принциптери Израиль-Палестина жаңжалын чечүүгө умтулууда биздин иш-аракеттерибизге жетекчилик кылууга тийиш. 

Тынчтык бул – абстракттуу түшүнүк эмес – бул диалог, түшүнүшүү жана эл аралык укукту урматтоо аркылуу жетишүүгө боло турган реалдуулук экенине баарыбыз бекем ишенебиз. 

Кыргыз Республикасы бүткүл Жакынкы Чыгышта адилеттүү жана туруктуу тынчтыкка жетишүүгө багытталган бардык күч-аракеттерди колдоого умтулат. Ушундай шартта гана чыр-чатактын тараптары адилеттүүлүк жана бакубатчылык өкүм сүргөн тынчтыкта жана коопсуздукта жанаша жашай алышат.

Газа тилкесинде 11 миңден ашуун адамдын каны төгүлдү…

Бир айдан бир аз ашкан убакыттан бери Израиль бир катар Европа ɵлкɵлɵрγ террордук уюм катары тааныган ХАМАСтын 7-октябрдагы чабуулунан кийин алакандай Газа тилкесин тынымсыз бомбалап жатат. Ааламдын ар кай жеринде айтылып жаткандай, «жамааттык жазалоо» жγрγп жатат. Эл аралык укук коргоо уюму Human Rights Watch жɵɵттɵр армиясы калк арасында колдонууга дγйнɵдɵ тыюу салынган, адам ɵмγрγ γчγн ɵтɵ зыян ак фосфорду колдонушкан деп да чыкты. Соңку маалыматтар боюнча, бир айдагы согуштук аракеттерден Палестинада 1,5 миллиондой адам аргасыздан үй-жайын таштап качууга мажбур болуп, 11 миңден ашуун адам каза болуп, алардын тең жарымына жакыны жаш балдар. Израиль 1400дɵй адамынан айрылганын жарыялаган.

Анткен менен Израиль Газаны блокадага алып, чабуулун азайткан жок. Газа тилкесинде суу, дары-дармек, азык-түлүк тартыш болуп, гуманитардык апаат коркунучу кγчγндɵ турат. Учурда бул жакка жардамдарды Египет Рафах чек ара текшерүү пункту аркылуу ачып берген гуманитардык коридор аркылуу гана жеткирγγ мγмкγн.

Эске салсак, Жакынкы Чыгыштагы жогоркудай кырдаал Хамастын Кассам бригадасы 7-октябрда Израилге каршы «Акса топону» аталган масштабдуу чабуулун баштаганын жарыялап, Газадан Израилге карай миңдеген ракеталар атылып,  куралдуу топтор Израиль чегине чейин кирип баргандан башталган. Ага жооп кылып Израиль армиясы аскердик учактары менен Газа тилкесине «Темир кылычтар» операциясын баштаган…

Ошондон Палестина-Израиль кырдаалы азыр дγйнɵ лидерлеринин баамында турат. Бир катар дγйнɵ жылдыздары, кай тармак болбосун, Газа тилкесин «ачык асман алдындагы тγрмɵ» атап, карыларды, аялдарды, балдарды аеосуз кырып жаткан «жамааттык жазалоону» айыптап жатышат. Алтγгγл БУУнун Коопсуздук кеңешинде талкуу жγрγп, БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш да ХАМАСтын чабуулун айыптап, бирок бул чɵлкɵмдɵгγ каатчылык эчактан бери келатканын: «ХАМАС чабуулу жок жерден жаралбаганын эске алуу керек. Палестина эли 56 жылдан бери ченемсиз баскынчылык шарттарында жашап келет. Алар жерлерин башкалар ээлеп, зордук-зомбулукка кабылып, экономикасы кыйрап, ɵздɵрγ кɵчγрγлγп, γйлɵрγ тγртγлγп жатканын кɵрγп жатышты. Кыйын абалыбыз саясый жол менен жɵнгɵ салынат деген γмγттɵрγ да акталган жок. Бирок ХАМАСтын γрɵй учурган кол салуусу Палестина элинин нааразычылыгын, ХАМАСтын γрɵй учурган кол салуусу Палестина элин жамааттык жазалоого алууну актабайт» деп айтып чыгып, Израиль жана аларды жактагандардын каарына калды…

Азыр ааламдын ар жеринде алакандай Газа тилкесин бомбалоону, калкын тыптыйпыл кырууну токтотууну талап кылгандар кɵбɵйγп баратат. Ага тийиштγγ тараптар кулак салабы… же окуя башка жакка бурулуп кетеби, убакыт кɵрсɵтɵр дейсиң… бирок убакыт азыр чоң коркунучтарды жаратууда…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.