Конференцияга чакырабыз!
Сынактын жол-жобосу
Баскан жолу…
«Жаштык жарчысы», «Асаба», «Агым» гезиттеринде башкы редактор, президенттик шайлоодо талапкер (2000-жылы), Жогорку Кеңештин үчүнчү чакырылышынын депутаты (2005-жылы) болгон, кыргыз, орус тилдеринде жаза билген белгилүү, мыкты журналист, публицист, коомдук жана саясый ишмер Мелис Эшимканов (1962-2011) — кыргыз тилдүү эркин басма сөздү түптөөчүлөрдүн бири. Ал кыска өмүрүн журналистикага арнап, массалык маалымат каражаттарынын жана эне тилибиздин, адабият, маданияттын, эгемендүүлүктүн өсүп-өнүгүшүнө опол тоодой салым кошуп, эбегейсиз из калтырып кеткен тарыхый инсан. Бекеринен кыргыз эркин журналистикасынын «Атасы» деп атыккан эмес да.
Жеңебиз Асел Эшимканова агабыздан ажырагандан бери бир топ сынактарды өткөрүп, атын өчүрбөй келатат. Мына, былтыр да (2022-жылы) жолдошунун 60 жылдыгына карата, туулган күнүндө — 9-декабрда Бишкектеги Кыргыз улуттук академиялык Т.Абдумомунов атындагы драма театрында эскерүү өткөргөн. Дал ошол күнү Мелис Эшимканов атындагы фонд (журналисттер жана студенттер арасында) жарыялаган сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылган. Андан тышкары, «МЕЛИС менен ЭРНИС» аттуу китептин бет ачаары болгон.
Аталган китепти түзгөн белгилүү, мыкты журналист, котормочу Данияр Исанов. Кесиптешибиз Мелис агабыз тууралуу 19 мүнөттүк даректүү тасма даярдап, эссе жазган.
Данияр менин жолдошум Эрнис АСЕК уулу (1970-2020) тууралуу да эссе жазган.
Баса белгилей кетчү нерсе, кесиптештерибиз Данияр ИСАНОВ менен Айнагүл САПАРБЕК кызы эскерүү болобу, иш-чара болобу, айтор, Мелис байке менен Эрнис дегенде тикесинен тик туруп, жардам берип келет. Терең ыраазычылык билдиребиз!
«Алтын агам, ай!» деп сыздап, арман кылып жүрүп артынан кеткен Эрнисимдин сөөгү 2020-жылдын 31-январында Ат-Башы районундагы Кызыл-Туу айылына, Мелис агабыздын сөөгү 2011-жылы 18-сентябрда «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлган. Аттиӊ, арман!