Айнура АСКАРОВА: «Бакен Кыдыкеева энциклопедиясы» келечектеги театр жана кино чеберлерине чоң табылга»

Айнура АСКАРОВА: «Бакен Кыдыкеева энциклопедиясы» келечектеги театр жана кино чеберлерине чоң табылга»

«Бакен Кыдыкеева энциклопедиясы» жарык көрдү!

СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, залкар актриса Бакен Кыдыкееванын 100 жылдык мааракесине арналып жазылган «Бакен Кыдыкеева энциклопедиясы» жарык көрдү. Кыргыз эли сыймыктанган актрисанын өмүр баянын, чыгармачылыгын жазып, китепке айланткан КРСУнун профессору, окумуштуу Аттокур Жапанов.
Жакында эле бул китептин бет ачаары Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканасында болуп өттү. Ага
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова, Түрксой эл аралык уюмунун баш катчысы, Кыргыз Эл жазуучусу Султан Раев, мурдагы маданият министри, драматург, жазуучу Кайрат Иманалиев, Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын чыгармачыл жамааты, коомдук жана маданий ишмерлери катышты.
Айнура Аскарова энциклопедиянын жарык көрүшү менен куттуктап, жыл башынан бери СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкееванын 100 жылдыгына карата ири иш- чаралар уюштурулуп жатканын айтып, залкар актрисанын талантына таазим кылып, театр сахнасында опол тоодой орду бар экендигин баса белгиледи. Ошондой эле ал легендага айланган инсан катары эсибизде калганын айтып, ушундай таланттуу актриса, кыргыздын даңктуу кызынын өмүр жолу, чыгармачылыгы жөнүндө чыгарылган бул энциклопедия келечектеги театр жана кино чеберлерине чоң табылга болгонун билдирип,
энциклопедиянын үстүндө иштеген ар бир инсанга терең ыраазычылык билдирип, окурмандарынын көп болуусун каалады.
Окурмандар көп болуп, китепти издеп, Аттокур Жапановду «Маданияттын мыкты кызматкери» наамы жана ТҮРКСОЙ эл аралык уюму тарабынан берилген төш белгиси менен куттуктап жатышат. Биз дагы Аттокур агайды куттуктап, бекем ден соолук, узун өмүр каалайбыз!
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.