Нурлан КАЛЫБЕКОВ: «Юбилейлик кечеме келип, куттуктаган ар бириңиздерге терең ыраазычылык билдирем»

Нурлан КАЛЫБЕКОВ: «Юбилейлик кечеме келип, куттуктаган ар бириңиздерге терең ыраазычылык билдирем»
Кыргыз Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурланбек Калыбековдун 50 жылдык мааракесине арналган адабий кечесине келгендерге ыраазычылыгын билдирип, «Фейсбуктагы» баракчасына төмөндөгүдөй пост калтырды.

 

— Урматтуу замандаштар, 50 жылдык юбилейлик кечеме келип, катышып, куттуктаган ар бириңиздерге терең ыраазычылык билдирем.
Алгач, куттуктоо папкасын жөнөткөн Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровго, кечеге келип катышып, ажонун аманатын жеткирген Мамлекеттик катчы С.Касманбетовго,
Алкыш барагын жиберген Казакстан Республикасынын Президенти К.Ж.Токаевге, аны тапшырган Президенттин кеңешчиси Малик Оторбаевге, КР ЖК Төрагасы Н.Шакиевге, КР ЖК депутаты Мирлан Самыйкожого, КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри А.Максүтовго, министрдин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулуна, Алматы облусунун акими М.Султангазиевге, алыстан ат арытып келген меймандарыбыз Даулетбек Байтурсунов, Кадирбек Куныпия уулуна, Түркиядан келген Евразия жазуучулар бирлигинин төрагасы Якуп бей Өмер уулуна, КР Улуттук опера жана балет театрынын директору А.Истанбаевге, “Супара” этнографиялык комплексинин жетекчиси Жаңылсынзат Турганбаевага, «Роза Отунбаеванын демилгелери» фондуна, Кесиптик бирликтин борбордук комитетинин төрагасы К.Намазовго, УТРК, ЭлТР, СТВ телеканалдарына жана анын жетекчилерине, өзгөчө А.Мусаевге, КР Улуттук жазуучулар союзунун Президиумуна жана Башкармалыгына, “Аксы коомунун” төрагасы М.Токтоболотовго, аргымак мингизип сый көрсөткөн КР Эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясынын президенти Н.Маамытбаевге жана жалпы мүчөлөрүнө, туугандарыма, чыгармачылыкты сыйлап келген улуу-кичүү жалпыңыздарга терең ыраазычылык билдирем.
Эли-жерибизде тынчтык болуп, бакубат күндө бактылуу өмүр сүрөлү. Ар бириңиздерге бекем ден соолук, узак өмүр, ишиңиздерге ийгилик каалайм! Бар болуңуздар!
Нурлан КАЛЫБЕКОВ

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.