Сагын АКМАТБЕКОВА: «Оо, курбум, булбул Шербет, дулдул Шербет!» (ВИДЕО)

Сагын АКМАТБЕКОВА: «Оо, курбум, булбул Шербет, дулдул Шербет!» (ВИДЕО)

Эсен болуп, эстей жүр!

Акын эжебизсиз он жыл…

Акын Шербет Келдибекова (1949-2013) эжебизден ажыраганыбызга он жыл болуптур. Көзү тирүү болгондо 15-декабрда 74 жашка чыкмак экен.

Шербет эже 1968-жылы Кыргыз мамлекеттик кыз-келиндер пединститутунун физика-математикалык факультетин аяктаган. Кесиби менен Кочкор, Баткен райондорундагы мектептерде мугалим болуп эмгектенген. Чыгармачылыгы 1969-жылы башталып, «Кыргызстан Маданияты» гезитинде иштеген. «Чырагдан» , «Ата конуш сыймыгым», «Терезелер», «Сен жарыгым», «Кербен» китептердин автору.
1992-жылы жүрөгүнөн операция болгон. Замандаш, кесиптештеринин айтымында, кичинесинен эле жүрөк оорулуу болуптур…

«Жок экен өчкөн жанмак, өткөн келмек»

(Шербет Келдибекованын элесине)

Күз келди кайта дагы жер үстүнө,
Күндөрү кыска тартып, түндөр өсүп.
Күлүстөн сени жоктоп, кеч күүгүмдө
Күбүлгөн жалбыракты келем кечип.
Жай бою бир тамбаган жамгыр куюп,
Эң эрте убагынан кар да жаады.
Сен баарын жаттың бекен көрүп, туюп,
Жан элең өтө кыраа, өтө аруу.
Ай чыгат абалкыдай булутунан,
Жел согот кадимкидей катуу, жумшак.
Жаныңа жыл айланбай жетип тынган,
Жатабы Алыкең да багып, тыңшап.
Көп ойлойм, кагаздагы үнүңдү угам,
Оо курбум, булбул Шербет, дулдул Шербет!
Жолунда жарыктыктын толкуп турган,
Жок экен өчкөн жанмак, өткөн келмек.
Күз келди кайта дагы жер үстүнө,
Күндөрү кыска тартып, түндөр өсүп.
Күлүстөн сени жоктоп, кеч күүгүмдө
Күбүлгөн жалбыракты келем кечип.

Сагын АКМАТБЕКОВА (03.11.2014)

«…үй курдум мүрзө үстүнө, Терметкен шамал-тагдыр»

Шербет эженин жолдошу Алым Токтомушев да мыкты акын, мыкты журналист болгон. Айтылуу Мелис Эшимканов негиздеген «Асаба», «Агым» гезиттеринде иштеп, мыкты макалаларды жазган. Жубайынан ажырагандан кийинки жылы, 2014-жылы каза болгон.

ӨЛГӨНДӨР

Өлгөндөр көрүстөндө курат үлпөт!
Алгыла тагдырлар, таажыңарды!
Мынакей чиркин, эркиндик деген!
Сени эми мыкчып турбайт бир да булчуң,
Сени эми тырыштырбайт тарамыштар.

Өлгөндөр жатышат жыргап гана:
Катышпай көңүл келбес жыйналышка,
Чуркабай орден, кызмат, даңк-атакка…
Карганып жанын жебей,
Тыйынга сары чака
Бирөөнү сүйөм дебей…
Жек көрбөй бирөөлөрдү.
Жатышат үлпөт куруп бейпил гана,
Тагдырлар алгыла, таажыңарды!

…үй курдум мүрзө үстүнө,
Терметкен шамал-тагдыр.
Астымда Жер.
Чакчаят Күн төбөдө.

Алым ТОКТОМУШЕВ

Эсен болуп, эстей жүрөлү, туугандар!

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.