Курултайда кандай маселелер көтөрүлдү?
Садыр ЖАПАРОВ: «Желек күнкарамага окшошуп калганын, түндүк да туура эмес болуп калганын таякем айткан»
3 жыл ичинде эки тараптуу жолугушууларга, ар кандай саммиттерге катышуу үчүн 30дан ашык өлкөлөргө бардым. Анан айрым жолугушууларда “силер чемичке өндүрүп май чыгарасыңарбы?” деген суроолор берилди. Мен дароо эле кеп туу жөнүндө болуп жатканын түшүндүм. Ошондон кийин келип спикер Нурлан Шакивге ушундай болуп жатат деп айткам. Эми желекти оңдоп-түзөө менин компетенцияма кирбейт, Жогорку Кеңеш карайт. Авторлорун чакырып, кеңешип, балким күндүн нурун кичине түздөп, анан боз үйдүн чамгарагын төрткө көбөйтүп койбойсуңарбы деп мен сурангам. Ошон үчүн Нурлан Шакиевди тепкилебегиле, мени тепкилегиле. Тууга өзгөртүү кирсе, паспорт, унаа номерлерин дароо алмаштыруунун кажети жок. Нурланбек спонсорлор бар дебеди беле, аны мен айткам. 50-60 желекти мен эле айлыгымдан алмаштырып, мамлекеттин бир тыйын кетирбей, спонсорлук кылып коеюнчу дегем. Ошондуктан тууну өзгөртүү киргизүү демилгесин колдоп берүүңөрдү суранам.
Өлкөбүздүн Мамлекеттик туусу эгемендик алгандагы алгачкы парламенттин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген. Мамлекеттик туу күнү жыл сайын 5-мартта белгиленип келаткан… Ортодо Мамлекеттик тууну өзгөртүү демилгеси бир жолу көтөрүлгөн. 2011-жылы Жогорку Кеңеште айрым депутаттар кеп козгоп, депутаттык комиссия да түзүлгөн. Бирок колдоо тапкан эмес… Бул жолу колдоо эл тараптан болгон жок. Тагырагы, 29-ноябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында туубузду өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, дароо колдоо тапканы коомчулукту «жарды». Ошондон бери интернет колдонуучулардын дээрлик бардыгы бул чечимге нааразы болуп жазып жатышат.
Назира СААЛИЕВА