Баян апабызсыз 22-кыш…

Баян апабызсыз 22-кыш…

Эсен болуп, эстей жүр!

2002-жыл, 16-январь. Кайда барбасын мени ээрчитип алган баккан БАЯН (Мырзабек кызы) апамдан ажыраган күн… Кар калыӊ түшкөн кышта, суук менен кошо суук кабар келген ыйлатып… Жаныӊдан артык көргөн адамдан ажыраган азаптын азабы. Кудай талаа ушунча жаш берди, сабыр кылалы дешти, ага жүрөк болбой, жер астын-үстүн болуп каӊырык түтөп, жүзүбүздү жаш жууп, ар кимибиз апабыздын тирүүсүндөгү бактылуу күндөрүбүздү эстеп айылга жол тарттык эле…

Акылман, даанышман, көрөгөч алтын апам ай!..  «Кыздуу үйдө кыл жатпайт!», «Идиштерди, таза жуугула, казандын кулактарын калтырбагыла», «Күкүмдү тепсетпей тергиле» деп тазалыкты, сарамжалдыкты, бүйрөлүктү дайым айтып тарбияны жакшы берген асылыбыздан ажыраганыбызга 22 жыл болуптур. Баккан неберелери Мамыркан менен Темиркан байкелерим үй-бүлөсү менен Арал айылындагы апамдын тун баласы Жакып атамдын үйүндө куран окутушканын Чынаркан эжемден угуп, «куран кабыл болсун» дедим.  «Апамдын бардыгыбызга кам көргөнүн эстедик. Келиндерине чейин кам көрчү эле го. «Айгүл алма жакшы көрөт» деп жеӊеме баштык менен көк алма ташыганын эстеп күлдүк» дейт эжем.

Алтын апам кимибиз барып калбайлы, варенье, момпосуй, кант, нан, башкасынын баарын «ал, же» деп алдыбызга жылдырып сүйүнүп калчу. Υйдөн чыкканыбызда, узатып кошо чыгат да, тээ бурулуштан кайрылып кеткенибизче дарбазанын оозунда артыбыздан карап тура берчү. «Кире бериӊиз» деп кол булгаласак да, карааныбыз көрүнбөй калганча тура берчү. Азыр Таласка барып калганыбызда, апамдын ошол узатып же күтүп турган карааны элестеп, жан дүйнөм кысылып ыйлагым келет…

Жакында эле улуу келини Оӊдобү апамдын 80 жылдык мааракеси болуп Таласка барып келдик. Оӊдобү апам менен сүйлөшүп отурсам: «Сен Токуш апаӊды бат эле апа деп калдыӊбы? Мамыркан менен Темиркан айта албай, алигүнчө «мамошка» деп жүрүшөт» деп күлгөн…

Оӊдобү апамдын анткени, Мамыркан, Темиркан байкемдердей мен өз ата-энемди байке, жеӊе деп чоӊойуп, кийин эле ата, апа дегем. Бирок атам бейиши болгур, «ата» дегенимди укпай кетти…

Ошонун баарын эстеп, Баян апамдын жаркын элесине кайрылып: «Апа, Кудайдын кулагы сүйүнсүн, тун балаӊыз менен келиниӊиз да жетелешип минтип бактылуу карылыкка жетип, кубанып атабыз… Эмнеге биздин Жакшылык атабыз ушундай куракка жеткен жок? Эмнеге Эрнисим жапжаш кетип калды?..» деп көзүмдөн жаш токтобой ыйлап алдым… Көрсө, ар бир жакшылыкта сиздердин ордуӊуздар бар турбайбы…

Таң атпай келген эскерүү…

Бүгүн да апамды эстеп көзүмдү ачсам, айылдагы Мирлан инимден телефонума Вотсаптан Жакшылык баласы жаткан жайда түбөлүк уйкуда жаткан апамдын бейитиндеги эстелигинин сүрөтү менен кошо эскерүү  келиптир:

Бүгүн Баян апабыздын (чоң апабызды баарыбыз апа дечүбүз) арабыздан акыретке кеткенине 22 жыл болду. Жыйырма эки жыл жаңырып, жыйырма эки кыш болуптур. Бул сандар айтканга оңой болгону менен апабыздын орду толбой, баягыдай болбой, жоктоп келебиз…

Калдайган карааны эле канча эле/, Элестеп турат көзгө дагы деле/. Апабыз абдан боорукер, жароокер, бийик адам болчу/, Акыл-насаатын ар убакта айтар эле/.

Балалыгымдагы бир билгеним, апамдын өзгөчө чөнтөгүндө абдан береке бар эле. Бир жакка барып келатканда алдынан жабыла чуркап чыкчубуз. Баарыбызга кагылып-согулуп, моюн-башыбыздан жыттап, чөнтөгүнөн момпосуй алып карматчу. Апамдын чөнтөгү дайыма таттууга толо жүрчүдөй туюлчу мага.

Эх, АПА, камкор, чексиз боорукер, акылман адам элеңиз. Неберелериңиздин баарын бирдей, тең көрдүңүз. Сиз жок жыйырма эки жыл өтсө да, Таластан айылга каттаган автобуска түшүп, чүпүрөк баштыгыңызды көтөрүп келип калчу күндөрдү сагынам. Чоң-чоң эле байкелерибиз колуңуздан  баштыгыңызды алып, «ой, апаңар келди» деп ээрчитип келип калган, «Баян апам келди, апам келди» деп чурулдап калчу күндөрдү сагынам, апа. «Ээ, апа, баштыгыңызды чоң эле байкелер көтөрүп алышыптыр да» десек, «И, силерге байке болсо, мага балдарым эле» деп жылуу жылмайып койчу элеңиз. 

Таласта кичүү балаңыздын колунда болсоңуз да, келбей калган күндөрү каттаган кишиден айылдагы баарыбыздын ал-акыбалыбызды сурата берчүсүз. Ошол кичүү уулуңуз Мамыткан байкем «апам кире кел деди, биле кел деди» деп, ал-жайыбызды билип анан кетчү. Азыркыдай сыйпалама телефон болсо, күндө чалдыртып сурай бермексиз го деп ойлойм.

Биздин үйгө келгенде, эшик алдына кичинекей тактайга отуруп алып күнөстөп отурганыңызды көп эстейм. Кичүү инилерим «Баян апам нан салынган кастрюлга жакын отуруп алып, «ай, кирип-чыгып эле кургак нанды жей бересиңерби?» деп мээримдүү тескеп койгонуңузду, сиз келгенде нан жегендери кыскарып калганын айтып күлүп калышат. Менден кийинки иним бир жолу келгениңизде «Баян апам келди, Баян апам келди» деген экен, сиз «Баян, анан апа дебей, Баян деп эле айт» деп тамашалап койсоңуз, ал иним сиз кетип баратсаңыз «Баян кетип баратат» дегенин айтып күлүп калабыз…

Биздин Жакшылык атабыз сизди аябай жакшы көрчү. Сиз да уулуңузду жакшы көрчүсүз. Атам каза болгондо, молдо уруксат берип акыркы жолу көргөнү киргенде, бетинен сылап, «кагылайыным, мени апалап узатсаң эмне» деп ыйлаганыңыз эсимде… Көз жаш төгүп, сизди аябай жакшы көргөн келиниңиз Токтобү апабызга кошулуп күндө кошок кошуп үн чыгарып жүрдүңүз. Бир күнү «түндө балам кагылайыным келип кетти» дегениңиз да эсимде… 

Апа, сиздин камкор, мээримдүү, тарбиялап тескеп койгонуңуз да жагымдуу элестериңиз балалыгыбызда, улан кезибиздеги жашоо барактарда калды. Билбейм, сиздеги мээрим — башкача мээрим эле. Баарын эстеп, сагынам, абдан сагынам, АПА. 

«Силердин жамандыгыңарды көрбөйүн! Кудай мени чуркатып жүрүп эле алып кетсин, жаткылык кылбасын! Мен өлгөндө апалап аябай ыйлагыла. Андан кийин ыйлабагыла! Өмүрүңөр узун болсун» деп дайыма бата берчүсүз. 

Дайыма сизге, атама багыштап куран окуп келебиз, Апа... АПА, Алла Таалам сизге бейишинен орун берсин. Кабырыңыз нурдуу болсун! Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун! 

Небереӊиз Мирлан

АПА, мээримиӊизди издеп, искеп, сизди сагынып…

Мына, апа, биз сизди унуткан жокпуз. Жогоруда иним жазгандай, андагы мээримиӊизди издеп, искеп, сизди сагынып, куса болуп, сизге багыштап куран окуп келебиз. Бүгүн да таӊ атпай Аралдан Мирлан иним эскерүүсүн салса, Салима небереӊиз жыт чыгарып, куран окудук.

Ооба, алтын апам, биз сизге барганда кагылып-согулуп тосуп алып, алдыбызга тамактын түрүн жайып, «ал, айланайын, же кагылайын» деп эркелетип отурчусуз… Кетип жатканыбызда көчөгө таягыӊызды таянып кошо чыгып, карааныбыз үзүлгөнчө узата карап турганыӊызды көрчүбүз. Кол булгаласак да, бурулуштан бурулуп кеткенче кирбей тура берчүсүз…

Анан эле сизди жоктоп калып, аябай оорудум, кыйналдым, ыйладым. Ыйыма ый кошуп, сиз тарапка жапжаш кеткен күйөө балаӊыз Эрнис болду… Ажыраганыма 29-январда 4 жыл болот. Кечиккен махабатым да буйрубады, апа, жети жыл гана өмүр сүрдүк. Дагы деле ишене албайм, апа. Эрнисим алыс бир жакка кетип, келип калчудай сезиле берет… Бирок, ишенүүгө аргасызмын! Арман десе…

Жаткан жериӊер эӊкейиш, Жараткан берсин кеӊ бейиш… Оомийин…

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.