КУЛАКТАНДЫРУУ: 9-апрелде Канышай Мамыркулованын, адвокаттардын арызы каралат (Дарек)

КУЛАКТАНДЫРУУ: 9-апрелде Канышай Мамыркулованын, адвокаттардын арызы каралат (Дарек)
Аманбол Бабакулов
Бул тууралуу Аманбол Бабакулов Фейсбуктагы баракчасына жарыялады. Анын айтымында, Бишкек шаарындагы Свердлов райондук сотунда (9-апрелде, саат 10:00дө) Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринин Канышай Мамыркулованы кармоо боюнча жасаган иш аракеттери боюнча Канышай Мамыркулованын доо арызы каралат.
Ошол эле күнү (саат 16.00дө) Бишкек шаардык сотунда кесиптешибиздин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча Канышай Мамыркулованын адвокаттарынын аппеляциялык арызы каралат.
Канышай Мамыркулова
Эске сала кетсек, 20-мартта Канышай Мамыркулова 48 саатка камалган. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы ага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) жана 330-беренеси (“Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу”) айып таккан. Мындай айыпты кесиптешибиз четке кагып келет. Бишкектеги №1 тергөө абагындагы кесиптешибиз жазган катында мындай дейт: «КЖКнын 278-беренесинин 3-бөлүмү жана 330-беренесинин 1-бөлүгүндө жаткан кылмышты эч качан жасаган эмесмин жана жасабайм. Муну тараптардын бардыгы жакшы билет. Коомчулуктун каалаганын каалагандай формада жазып, көкөйлөрүнө тийген үчүн асмандан-жерден алып, кылмыш иши “токулду”. Муну өздөрү дагы, юристтер, адвокаттар дагы, укук коргоо тармагы менен тыгыз иштешкен адам катары өзүм дагы жакшы билем».

21-мартта укук коргоочулар, коомдук ишмерлер, журналисттер президент Садыр Жапаровго, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге, ички иштер министри Уланбек Ниязбековго  КАЙРЫЛУУ жолдошкон.

Норвегиялык Хельсинки комитети менен Адам укугу боюнча эл аралык өнөктөштүк уюму (International Partnership for Human Rights — IPHR) да Канышай Мамыркулованы бошотуп, ага козголгон кылмыш ишин токтотууга чакырган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.