Ысмайыл КАДЫРОВ: «Манасты жоготууга аракеттенгендерге жапырт бут тосолу!»

Ысмайыл КАДЫРОВ: «Манасты жоготууга аракеттенгендерге жапырт бут тосолу!»

Үн кошууну улантабыз!

РЕДАКЦИЯДАН: Жогорку Кеңештин жыйынында (16-апрелде) депутат Мирлан Самыйкожо  «Манас» улуттук академиясы жайгашкан имаратка Инвестициялар боюнча улуттук агенттик кирип алганын, учурда улуттук академияны көчөгө чыгаруу иши жүрүп жатканын билдиргенден бери, “Манаска” кайдыгер эмес адамдардан каттар келип жатат.. γн кошкондордун катары көбөйγп баратат… Буга чейин профессор Ишенбек Султаналиев, котормочу, акын, журналист, публицист, адабият талдоочу Жыргалбек Касаболот, Токтогулдук акын Нуржамал Султанбекова пикирин билдирген. Бул жолу балдар акыны, жазуучу, журналист жана котормочу, энциклопедист Ысмайыл Кадыров агабыз пикирин билдирди.

«Манас» академиясын көчөгө чыгарып салуу акылга сыйбаган көрүнүш»

— «Манас» эпосун изилдөө, жайылтуу, совет доорунда эпоско карата атайылап жасалбаган иштерди жасоо боюнча көп иш аткарып жаткан «Манас» академиясын көчөгө чыгарып салуу акылга сыйбаган көрүнүш.

Кыргыз эли илгертен эле материалдык байлыкка эмес, рүхий байлыка басым жасап келген. Ал эми кыргыздын душмандары Манас төрөлө электе эле Манасты жоготууга аракеттенип, боюнда бар эчен келиндин курсагын жарган. Дагы эле ошол душмандарыбыздын саясатын ээрчибейли.

Манас биздин улуттук уңгубуз, улуттук демибиз, Манасты жоготсок кемигенден кемийбиз. Кеп мына ушунда, кеп имаратта эмес. Имараттын шылтоосу менен Манасты жоготууга аракеттенгендерге жапырт бут тосолу! «МАНАС» АКАДЕМИЯСЫН 1000 жылдан кийин араң түздүк эле, аны сактап калалы! Академияны сактап калганыбыз бул кыргызды сактап калганыбыз.

Ысмайыл КАДЫРОВ

«Манас» улуттук академиясынын жаралышы… Жарлыктар…

«Манас» улуттук академиясынын жаралыш тарыхына токтолсок, академия «Манас» эпосун, кыргыз элинин маданиятын, Чыңгыз Айтматовдун көркөм, гуманисттик, философиялык-этикалык мурасын сактоо, жайылтуу, ар тараптан терең изилдөө сыяктуу максатта 2019-жылы түзүлгөн. Андагы президент Сооронбай Жээнбеков (2019-жылы 31-январда) “Манас” жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясын негиздөө тууралуу жарлыкка кол койгон. Алгач академияны коомдук ишмер маркум Топчубек Тургуналиев башкарган. Андан кийин манасчы Талантаалы Бакчиев (2021-жылы декабрда) дайындалып, 2024-жылдын 15-ноябрына чейин жетектеген. Учурдагы жетекчиси — Азиз Биймырза уулу.

2022-жылы аталган мекеменин макамы жогорулатылып, “Манас” улуттук академиясы болуп түзүлүп, Айтматовго байланыштуу изилдөө иштери Улуттук илимдер академиясына өткөрүлгөн.

«Манас» улуттук академиясы” мамлекеттик мекемеси «Манас» үчилтигин, кенже эпосторду, кыргыз элинин материалдык эмес маданий мурастарын ар тараптан изилдөө жана анын негизинде илимий, илимий-популярдуу, илимий-публицистикалык эмгектерди, мезгилдүү, тематикалык басылмаларды чыгаруу, мультимедиялык, окутуучу-агартуучу, таанып-билүүчү долбоорлорун иштеп чыгуу багытында иш алып барат» деген Жарлыкка президент Садыр Жапаров 2022-жылы кол койгон…

Академия Жарлыкта айтылган иштерди четинен ишке ашырып, бир топ жакшы иштерди жасашты… жакшынакай иштеп жатышкан жайынан козгошпосо, дале жасашмакчы… деген ойдобуз…

Инвестициялар боюнча улуттук агенттик таржымалы…

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу «Манас» улуттук академиясы жайгашкан имаратка барып отурукташып алган Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин таржымалына учкай токтоло кетсек, ал 2017-жылы түзүлгөн. 2021-жылы министрлик болуп өзгөрүп, ошол эле жылы октябрь айында кайра агенттик болгон. 2022-жылы мартта президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен ага «улуттук» макамы берилген. Президентке караштуу бул агенттик мамлекетке инвестиция тартуу, аны илгерилетүү максатта түзүлгөн. Анын жетекчиси жакында эле, тагырагы, 7-апрелде алмашты. Талантбек Имановдун ордуна Фархат Иминов келди. Ал Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты. 2015-жылы «Республика-Ата-Журт» партиясынын тизмеси менен депутат болуп келген, бирок 2018-жылы мандатын тапшырган.

Назира СААЛИЕВА

P.S. Баарыбыз эле «Манас» улуттук академия отурган ордунда калышын каалап, γн кошуп жатабыз… γнγбγз бийликке жетер! Урматтуу мекендештер, четте карап турбай γн кошуңуздар! «Улутум — кыргыз, урааным — Манас!» деген кыргыздардан бололу!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.