Депутат Канатбек Исаев 12 жылга эркинен ажыратылды

Депутат Канатбек Исаев 12 жылга эркинен ажыратылды

Бүгүн, 4-январда, Бишкектеги Биринчи Май райондук соту “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Канатбек Исаевге козголгон кылмыш ишин эртең менен баштаган. Сот кечке чейин сотту созгону аз келгенсип,  өкүмдү төрт  саат окуду. Азыр (23:15де) өкүм чыгарып, 12 жылга кести. Ага чейин жарыш сөз болуп, Исаевге акыркы сөз берилип, ал далилдер менен өзүнүн күнөөсүз экенин айтып берген.

Канатбек ИСАЕВ: “Мага жок эле айып тагылып жатат”

“Тергөө ишинде ишеничтүү документалдык далилдер келтирилген жок. Мага жок эле айып тагылып жатат”,-деп бүгүн жарыш сөзүндө билдирген Канатбек Исаев. Буга чейин деле депутат өзүнө коюлган айыпты четке кагып, “саясый куугунтук” деп келген.

Эскерте кетсек

УКМК Канатбек Исаевди 2008-2010-жылдары «Токмок шаарынын мэри болуп иштеп турганда муниципалдык жер участогун жеке компанияга берип койгон жана мэриянын башка кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, шаардык бюджеттен каржыланчу автобекеттин курулуш ишин өзүнө караштуу ишканага берген» деп айып тагып, сотко өткөргөн. Ага Кылмыш кодексинин 303-беренесинин («Коррупция») негизинде кылмыш иши козголгон. Буга чейин прокурорлор Канатбек Исаевди 20 жылга эркинен ажыратууну өтүнүшкөн.

Бермет ИСАЕВА: «Атама туура эмес өкүм чыкты!»

Канатбек Исаевдин кызы Бермет Исаева мындай деди: «Соттун өкүмүнө биз каршыбыз! Туура эмес өкүм чыкты. Атамдын адвокаттары буга чейин атамдын актыгын далилдеп бере алышты. Атам өзү да бүгүнкү акыркы сөзүндө сөз менен эмес, кагаз жүзүндө өзүнүн актыгын далилдеди. Тилекке каршы, ал эске алынган жок. Атам акталмайынча, чындык орномоюнча, биз мыйзам чегинде иштерди жүргүзүп, күрөшө беребиз!».

«Ак ийилет, сынбайт!»

Депутаттын үй-бүлөсү, бир туугандары, жакындары, жактоочулары соттун өкүмүнө нааразы болуп, наалат айтышты. «Ак ийилет, сынбайт!» дешти. Ак сөз. Бул убактылуу сыноо. Ушул сыноону жеңип чыгыңыз, Канатбек мырза! Биз сизге ишенебиз!

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.