Апаны сыздатып, үйүн тартып алып жаткан Атамбаев (ВИДЕО)

Апаны сыздатып, үйүн тартып алып жаткан Атамбаев (ВИДЕО)

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жоругу жолдо калсын. Аны сындап, ал жөнүндө ачуу чындыкты жазган журналисттерге “менин аброюма шек келтирди” деп айып-пулга жыкпады беле. 30 млн сомго доого жыгылгандардын бири – журналист Нарын Айып. Ошол сумманын 9 млн сомун төлөөгө Октябрь райондук соттун судьясы Кымбат Архарова чечим чыгарган.

Нарын Айыптын мындай суммага доого жыгылганын апасы (Раила Идинова) жакында эле угуп, кейип, түн уйкудан калып отурат. “Бул үйдө төрт үй-бүлө турабыз. Үчтөн бир бөлүгү Нарын балама таандык. Карыганда ушул куттуу үйүбүздөн сөөгүм чыгып, балам өз колу менен топурак салса деп тилейм. Бул үйдү байкуш абышкам 81-жылы алган, өзү 15 жыл эле жашап, өтүп кеткен. Эми ушуну соттор өзүбүзгө калтырса, соттор, акыйкаттык кылгыла. Мага окшогон энеңер бардыр”,- деп сыздаган Апанын сөзүн бул жерден көрө аласыздар:

Назира ЖАКШЫЛЫКОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.