Каныбек МЫРЗАКАНОВ: “Текебаев камактан чыгып, Атамбаев жооп берчү күн келет”

Каныбек МЫРЗАКАНОВ: “Текебаев камактан чыгып, Атамбаев жооп берчү күн келет”

7-Апрелге саналуу гана күн калды. 6-апрелде Таласта тынчтык митинги өткөнү турат. Ошонун алдында Алмазбек Атамбаевдин сыйлыгын албай, баш тартып койгон мыкты адамды, Эрдик-Подвиг” коомдук фонддун жетекчиси, көзү азиз Каныбек Мырзакановду маекке тарттык.

— Каныбек мырза, 2010-жылы Бакиевдин бийлиги менен күрөшкөн, ага чоң салым кошкон Өмүрбек Текебаев 7-апрелде экинчи жылы түрмөдө болот деп ким ойлоптур. Былтыр Атамбаевдин бийлигинде камакта болду. Быйылкы жылы жаңы президенттин доорунда, ага чейин чыгат деп үмүт кылдык эле. Дагы эле болсо, Жээнбековдон үмүт кылсак болобу, кандай дейсиз?

— “Жаңы президент келди” деп баарыбыз үмүт артып турабыз. Эгер элдин үмүтүн актайм десе, анда Атамбаевден арылышы керек. “Атамбаевдин жолун жолдойм” деп келген, анын жолун жолдосо, анда эле таптакыр өлкө өлөт. Ошондуктан эски жолду улабай, жаңы жол менен иш алып баруусу зарыл! Мына, 7-апрель жакындап калды. Жакшы жашоо үчүн кан төгүлүп, канча деген балдарыбыз каза болгон. Атамбаев жашоону оңдогон жок, артка тартты. Ошон үчүн Жээнбеков анын жолун кайталабашы керек! “Жаңы президент 7-апрелдин урматына саясий туткундарга мунапыс жарыяласа” деген изги тилегим бар. Тилектеримдин бири ушул да. Өмүрбек Текебаев менен кошо жалган жалаа менен отурган саясий туткундар, Канат Исаев чыгышы керек эле деп ойлойм. Мына, Өзбекстандын президенти Шавхат Мирзеёв мунапыс жарыялап, саясий туткундарды түрмөдөн бошотту го. Ошондой болуп Жээнбеков дагы жалган жалаа менен отурган саясий туткундарды бошотсо, анда эл аны толугу менен колдойт эле. Жээнбековдон үмүт чоң чыны. Атамбаев Жээнбековду мактап бийликке алып келип, эми жамандап жатат. ЖЭБге күнөөлөп, анын аброюна шек келтирди.

— Эмнеге ЖЭБге күнөөлөдү, буга Жээнбеков күнөөлүүбү?

— Атамбаевдин жоругуна айла жок күлөсүң да. “ЖЭБге күнөөлүү, колу турат” деп кагаздарды көрсөтүп жатканы – аны коркутканы. “Менин айтканымды аткарбасаң, мына ушуга күнөөлүү болосуң” деген сүр, түр көрсөтүүдө. Атамбаев элди макоо деп ойлойт окшойт. Биз билебиз да, Сооронбай Жээнбеков качан пермьер-министр болгонун, “ЖЭБди реконструкция кылабыз” деп инвестицияны кимдер алганын, дегеле, ал учурдагы бардык ишти жакшы билебиз. Бул баягыдай эле бир нерсе айтканда адатынча ачууланып, жинденип жатпайбы. Жээнбековду кайырмакка илдим деп ойлогон, “илинбей жатат” деп жинденип жатат. Анын үстүнө алдыга койгон планы ишке ашпай жатат, ошого бук болууда.

— Эмне болгон план, кайсы планы ишкей ашпай жатат?

— Экс-президент болсом да, досум Жээнбековду бийликке алып келип алып, көмүскөдө башкара берем деп план түзгөн, башкарууну максаттаган. Ошол үчүн күч менен Сооронбай Жээнбековду бийлик башына алып келди да. Жээнбеков президенттик шайлоодо өзү жеңип келди деп ойлобойм, ошондуктан аны легитимдүү деп эсептебейм. Бирок, кандай болгон күндө да, каалайбызбы, каалабайбызбы, президент болду, аны сыйлашыбыз керек!

Атамбаев шайлоо баштала электе эле ката кетирген. БШК Текебаевдин талапкерлигин каттаган жок. БШК бийликтин гана буйругун аткарды. Бул бир. Экинчиден, Жээнбековду кыргыз элине күч менен дайындады. Үчүнчүдөн, президенттик шайлоодо 2-орунду алган талапкер Өмүрбек Бабановду жамандап, ага да жалган жалаа менен иш козгошту. “Улуттук аралык кастыкты козутту” деген айып тагышты биринчисинде, эми минтип экинчисинде “бийликти күч менен басып алууга аракет кылган” деген айыпты угузушууда. Мунун өзү уят, туура эмес. Төртүнчүдөн, Атамбаев шайлоодо Бабановду жактаган Талас элин “Абыке, Көбөштүн тукумдары” деп кемсинткени аз келгенсип, “Казакстанга кете бергиле” деп өз жерибизден кууду. Ушундай өтө ыплас сөздөрү менен Талас элин жийиркентип алды. Эми таластыктар КСДПны, Атамбаевди колдобойт. Себеби, 2010-жылы Атамбаевди сактап калган таластыктар эле да. Алар болбосо, Атамбаев УКМКнын түрмөсүндө чирип калмак. Рахмат айткандын ордуна, кайра кемсинтип отурат.

— 6-апрелде Таласта митинг өткөнү жатат. Бул туурабы?

— Апрель революциясы (2010-жылы 6-апрелде) Таластан башталган. Активист жаран, мыкты жигиттерибиздин бири Айбек Мырза ал митинг боюнча оюн айтыптыр го. Ал 2010-жылдын 6-апрелинде Таласта башталган митинг максатына жеткени же жетпегендиги тууралуу талкуу өтөрүн, андан тышкары, коррупция, сот системасы, саясий куугунтук, сөз эркиндиги боюнча сөз болоорун айтып жатпайбы. Туура маселе көтөрүлгөн. Сөзсүз бул күнгө тарыхый баа берилиши керек! Мен бул митингди колдойм!

— Саясий куугунтук болгондордун сотуна катышып, сотторду жакшы билип калдыңыз. Жалган жалаа менен кесип жиберген соттордун өзүн Жээнбеков жоопко тартуу керек го…

— Сот системасын Атамбаев өлтүрүп кетти. Алар Атамбаевге аябай кызмат кылып беришти. Соттор эле эмес, Генпрокурор Индира Жолдубаева, УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаев, Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токтобаева да буйрукту жакшы эле аткарышты. Буларды Жээнбеков тез арада кызматтан алып, токтоосуз жоопко тартышы керек! Себеби, булар ак адамды каралап, камоого жол ачып беришти. Мына, дагы бир активист, мыкты балдарыбыздын бири — Мавлян Аскарбеков да жөнү жок жерден эле соттолгону турат. Бүгүн ага акыркы сөз берилип, сот өкүм чыгармак. Кудай жалгап жылып калыптыр. Эмки соттук жараянда деле жакшы чечим чыгарына көзүм жетпейт. Себеби, мен бир жыл саясатчылардын сотуна катышып, сотторду жакындан жакшы билип калдым. Булар Акүйдү караган, буйрукту аткарган гана соттор экен.

— Буйрукту жакшы аткарган үчүн Аида Салянованы каралашты. Мандатын тартып алышты…

— Ооба, Аида Салянова ак, ал дагы жалган жалаанын курмандыгы болду. Алманбет Шыкмаматов да жалган жалаа менен суралып жатат. Атамбаев мактап жатканда эле артында жамандык бар экенин эми баарыбыз эле билип калбадыкпы. Кечээ жакында эле Бакиевдин бийлиги менен чогуу күрөшкөн Убактылуу Өкмөт мүчөлөрүн, Роза Отунбаеваны жамандап, Өмүрбек Текебаевди каралап, каматып салды. Негизи мен башынан эле айтып жүрөм, дагы кайталап коеюн: Атамбаев өзүнөн мыктыларды, жогору турган билимдүү адамды жактырбайт, көрө албайт. Ичи тар, эки жүздүү, кекчил адам.  “Үйрөнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы” дегендей, Атамбаевдин үйрөнгөн адаты калбаптыр. Ал бул жолу дагы өзүнүн деңгээлин далилдеди. 31-марттагы КСДПнын съездине делегаттарды тандап чакырып, журналисттерди катыштырбай, жабык эшик артында жыйын өткөргөнү, атайы Оштон келген делегаттардын суроосуна жооп бербегени, ачык эле өзү мактап, жактап, күчтөп алып келген Сооронбай Жээнбековду жөөлөгөнү, ЖЭБго (Жылуулук электр борборуна) күнөөлөгөнү – бул Атамбаевдин нак жүзү. Ал өзүнүн жүзүн дагы бир жолу ачык көрсөттү. Ушуну кыргыз элибиз түшүнүшү керек да. Мен бир нерсеге кубанып жатам, 2010-жылы кабыл алынган Конституцияга, анда “президент бир эле жолу 6 жылга эле шайланат” деген жери бар. Өмүрбек Текебаев көрөгөчтүк кылыптыр, “бир эле жолу” деп, болбосо Атамбаев экинчи жолу да бийликке кайра келип алып, курутмак экен.

— Дагы эле болсо бийликке келем дегендей кылып жатпайбы? Аны Мискенбаевге окшогондордун оозу менен айттырып…

— Атамбаевдин “шестеркалары” көп да. Мээрбек Мискенбаев, Бакыт Бакетаев, Токтогул Какчекеев, Жыпар Жекшеев дегендер, ушулардын оозу менен айттырып, колу менен кылдырып жатпайбы. Теледен КТРК, ЭлТР. Эртеби, кечпи Илим Карыпбеков да каралаганы үчүн жооп берет. Ал күн да алыс эместир. Өмүрбек Текебаев сөзсүз чыгат да, жалган жалаа жапкандарды жоопко тартат. Ал Атамбаевден башталат. Атамбаев өзү аны жакшы билет. Билген үчүн аялы экөө алдына ала кам көрүп жатат да. Мына, Арашандагы хан сарайы Өмүрбек Чиркешович чыкканда көйгөй жаратат. Ал боюнча Атамбаев сот алдында жооп берет.  Хан сарай кооптуу экенин билип, резиденцияга үй салып, жашап алышты да. Калп эле “өзүм үчүн эмес, мамлекет үчүн” деп койду. Ал өзү салган үйдү кийинки президентке бербей калсын. Негизи эле ал жерге үй салуунун өзү мыйзам бузгандык. Ал жерге эмнеге үй салат? Мындай көрүнүштүн өзү Атамбаевдин дагы деле болсо өзүм билемдиги. Өзүм билемдикти бир гана Сооронбай Жээнбеков ордуна кое алат.

Маектешкен Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.