БАТКЕН: «Тажиктерге жерди берген Мадумаровдун келишин талап кылабыз!» (ВИДЕО)

БАТКЕН: «Тажиктерге жерди берген Мадумаровдун келишин талап кылабыз!» (ВИДЕО)
ВИДЕО: Азамат Советниктин Фейсбуктагы баракчасынан алынды.

Азамат Советник аттуу жигит Баткенге барып, ал жердин жашоочулары менен маектешип, тасмага тарткан. Алар кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча айтып беришкен. “Бир кезде ушул жерди берүүгө кол койгон Адахан Мадумаров келсин, чечсин!»,-дешүүдө. Аны төмөндөгү ВИДЕОдон көрсөңүз болот.

Эскерте кетсек, 22-июлда кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыккан. Кыргызстан тараптын айтымында, 22-июлда кечки 17:20да Ворух айылынын кире беришиндеги такталбаган жерге Тажикстандын желегин орнотобуз дегенде Ак-Сай айылынын тургундары каршы чыккан. Ал эми Тажикстандын чек ара кызматынын айтымында, кыргыз жарандары «Ак-Сай айылы» деген жазууну орнотууга аракет кылганына ворухтуктар нааразы болуп, чыр ушундан улам чыккан.

ЖЭЭНБЕКОВ: “Чечилбеген маселе жок”

Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Ак-Сай менен Ворух айылынын жашоочулары менен жолугушту. Анда Жээнбеков: «Биз чек арадагы элдин жашоо-шартын жакшы билебиз. Бардык маселелерден кабарыбыз бар. Аларды чогуу чечкенге аракет кылып жатабыз. Биз чек араны тынчтыктын жана достуктун чек арасы кылгыбыз келет. Мен чечилбеген маселе жок деп ойлойм», — деди. Ошондой эле кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ишин жандантууну сунуштады.

Ал эми жогоруда сөз болуп жаткан Адахан Мадумаров боюнча өзүнчө чоң тема. Ага өзүнчө токтолуп, жарыялайбыз.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.