Өзбекстандын премьер-министри бүгүн Кыргызстанга келет

Өзбекстандын премьер-министри бүгүн Кыргызстанга келет

Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Алардын айтымында, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов  бүгүн, 1-августта Кыргызстанга иш сапары менен келет. Бишкекте Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөт аралык сүйлөшүүлөрү өтөт.

Буга чейин, былтыр декабрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен Абдулла Арипов  жолуккан. Анда алар  кызматташуу боюнча жол картасына кол коюшкан.

Соңку үч жылда Өзбекстан Кыргызстанга экспортун беш эсе көбөйттү. 2016-жылы коңшулар Бишкекке болгону 67 миллион долларлык товар жөнөтсө, 2018-жылы бул сумма 350 миллион долларга чукулдады. 

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.