Аида САЛЯНОВА: “Сиздердин куттуктооңуздар жетпеген аба, көрүнбөгөн күндүн ордун толуктады. Чоң рахмат!”

Аида САЛЯНОВА: “Сиздердин куттуктооңуздар жетпеген аба, көрүнбөгөн күндүн ордун толуктады. Чоң рахмат!”

Деп абакта жөнү жок эле кармалып жаткан, күчтүү айым Аида Салянова туулган күнүндө куттуктаган адамдарга ыраазычылыгын сиңдиси Чынара Турдалиева аркылуу билдирген.

Эжесинин өтүнүч-тилегин жеткирген Чынара Турдалиева: “Урматтуу достор, мекендештер! Кечээ, 6-августта, эжеме айткан, жазган куттуктоо сөздөрүңүздөрдү туулган күн ээсине жеткирдик. Эжем баарыңыздарга терең ыраазычылык билдирип, “Сиздердин каалоо-тилегиңиздер мага дем –күч берип, үмүттүн шооласын жандандырып, жетишпеген аба, көрүнбөгөн күндүн ордун толуктап койду. Айткан ак тилек, берген батаңыздарды Кудайым кабыл кылсын! Баарыңыздарга чоң рахмат, аманчылык, бакубат жашоо каалайм!”,-деди дейт.

Андан тышкары, Чынара Турдалиева Аида Жеңишбековнанын үй-бүлөсү, тууган-туушкандары дагы ар бир куттуктоону окуп, ыраазы болуп, алкап жатканын айтты. “Баарыңыздарга чоң рахмат. “Жүрөктөн чыккан каалоо жүрөккө жетет” дегендей, жүрөктөн чыккан жылуу сөздөрүңүздөр, пикириңиздер эжемдин демине дем, күчүнө күч кошоору шексиз!”,-дейт кубанган Чынара айым.

Ошондой эле, кечээ, 6-августта, Аида Жеңишбековнанын туугандары туулган күнүнө 47 ак роза гүлүн белек кылышкан. 47 — жашы, ак роза — анын актыгы. Туугандары эле эмес, кечээги куттуктагандардын көбү социалдык тармак аркылуу кучак толо ак роза сунуп. ак тилек айтып, Аида Салянованын актыгын жазып жатышты. Бул жакшы жышаандын белгиси. Демек, Аида айым жакында акталат! Аида Жеңишбековнага күндө жакшы сөз жазып, актыгын айтып келгенбиз жана айта бермекчибиз!

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.