Кой-Таштагы окуяларга байланыштуу Жээнбеков менен Мискенбаев суракка чакырылды

Кой-Таштагы окуяларга байланыштуу Жээнбеков менен Мискенбаев суракка чакырылды

Экс-депутат Равшан Жээнбеков “суракка чакырса барууга даярмын”,-деп “Фейсбуктагы” баракчасына жазып чыккан. Андан көп өтпөй, суракка чакырылганын “Азаттыкка” өзү айтыптыр. Анын айтымында, ал ИИМдин Тергөө кызматына суракка Кой-Ташта 7-8-августта болгон окуяларга байланыштуу чакырылган. Ошондой эле, ушундай окуя боюнча Мээрбек Мискенбаев да чакырылган. Экс-депутаттар Кой-Ташта жүрүп, Атамбаевди колдоп, ал катышкан иш-чараларда сөз жолу сүйлөшкөн.

Эскерте кетсек, кечээ, 8-августта Башкы прокуратура Кой-Таштагы окуя боюнча Жазык кодексинин алты беренесинин негизинде («Массалык башаламандык», «Бейбаштык», «Киши өлтүрүү», «Киши өлтүрүүгө аракет кылуу», «Бийлик өкүлдөрүнө карата зомбулук» жана «Туткунга алуу») кылмыш ишин козгосо, ошонун негизинде ИИМ сотко чейинки тергөө амалдарын баштаган.

7-августта, УКМК Атамбаевди кармоо  операциясын Атамбаевдин үйүнөн баштап, ал ишке ашпай калып, тирешүү болуп, жаңжал чыгып, бир топ адамдар жабыркап, бир подполковник каза болгон. 6 аскер адамы барымтага алынып, кечээ бошотулган.

Кечээ кечке маал Атамбаев кармалып, УКМКга, анын кеңешчиси Кундуз Жолдубаева ИИМге алынып келинген. Бүгүн, сурактан кийин Жолдубаева бошотулганын анын адвокаты кабарлаган. Ошондой эле ЖК депутаттары Кодуранова менен Карамушкина да чакырылып, сурак берген. Фарид Ниязов 48 саатка камакка алынган.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.