Карамушкина, Кодуранова жана Артыковдун мандатын тапшыруу талабы Ошто башталды…

Карамушкина, Кодуранова жана Артыковдун мандатын тапшыруу талабы Ошто башталды…

Бул тууралуу КСДПнын лидери Сагынбек Абдрахманов “Фейсбуктагы” баракчасына жазып, сүрөттөрүн жайгаштырды. Аны эч өзгөртүүсүз беребиз.

Анда мындай деп жазылган: “СДПК партиясынын, Ош шаарындагы баштапкы уюумдун мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары: Ирина Карамушкинанын, Асел Кодуранованын, Карамат Орозованын, Анвар Артыковдун жана башкалардын Кыргыз Республикасынын бүтүндүгү менен эгемендүүлүгүнө доо, кетирип, Конститутциялык тутумуна каршы кутум уюштургандарын, СДПКнын мүчөлүгүнөн чыгаруу менен депутаттык мандатты өткөрүп берүү үчүн, баштапкы партиянын уюударында талкуулоону жүргүзө башташты”.

Ошондой эле Сагынбек Абдрахманов: “Маселенин баары депутаттар Кой-Ташка баруу менен, ал жакта болгон башаламандыкты уюштурууга, аскерлерди барымтага алууга катыштыгы болуп калды десек болот. Партиялаштарыбыздын мындай кадамдарына КСДП мүчөлөрү баа берүүсү керек. Көбүнчө жергиликтүү региондордо бул маселе талкууга алынып, жогоруда аталган депутаттардын мандатын алуу сунушу киргизилүүдө. Партиялык түзүмдөр тарабынан депутаттар Карамушкина, Кодуранова, Орозова жана Мадеминовдун кыймылдарына баа берилген соң акыркы чечим чыгат”,-деп кошумчалаган.

Эскерте кетсек, 7-августта Кой-Таштагы Атамбаевдин үйүнөн аны кармоо операциясын УКМК кечке маал жүргүзүп, ал ишке ашпай калып, кагылышуу болуп, бир топ адам жаракат алып, бир офицер каза болгон. Эртеси, 8-августта ИИМ Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзүп,  аягында Атамбаев өзү колго түшүп берип, УКМКга жеткирилген.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.