Батукаев боюнча камактагы Цопова да үй камагына чыгып, жалгыз Атамбаев абакта калды

Батукаев боюнча камактагы Цопова да үй камагына чыгып, жалгыз Атамбаев абакта калды

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Алардын айтымында, кримтөбөл Азиз Батукаевдин ишине байланыштуу майда камакка алынып, абакта жаткан дарыгер Ирина Цопова бүгүн үй камагына бошотулган.

Ошентип, Батукаевдин иши боюнча экс-президент Алмазбек Атамбаев гана абакта калды. Алты жылдан кийин кайра жандандырылган иш боюнча, жалпысынан онго чукул адам шектелип, суракка алынган. Атай кетсек, мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева менен экс-вице-премьер-министр Шамил Атаханов, Жаза аткаруу кызматынын мурдагы башчысы, азыркы депутат Зарылбек Рысалиев үй камагына чыгарылган. Булар тергөө менен кызматташуу негизинде кое берилгени айтылган. Ал эми УКМКнын мурунку жетекчиси Бусурманкул Табалдиев табылбай, ага издөө жарыяланган. Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова да 15-августта үй камагына бошотулган.

Эскерте кетсек, мөөнөтүнөн мурда бошотулган Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде түрмөдөн чыгып, Орусияга учуп кеткен.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.