Видео – Роза ОТУНБАЕВА: “Мен айылдыктарды басмырлаган жокмун. Баскан-турган жерде айылдыктарды жактап, таламын талашып келе жатам”

Видео – Роза ОТУНБАЕВА: “Мен айылдыктарды басмырлаган жокмун. Баскан-турган жерде айылдыктарды жактап, таламын талашып келе жатам”

Бүгүн, 4-декабрда BBC радиосунун журналисти Абдыбек Казиев экс-президент Роза Отунбаева менен маектешип, социалдык тармактарда талкууланып жаткан “айылдыктар”, “мырк” деген сөздөрдүн лексиконун сурап, жооп алыптыр. Анда Роза Исаковна айылдыктарды басмырлабаганын, дайыма аларды колдоп келатканын айтып, “мырк” деген сөздү кесип, бөлүп, бурмалап берип жаткандарын баса белгилептир.

“Мырк” боюнча…

-Мен “мырк” деген сөздү айткан жокмун. Аны атайылап кесип алып, бурмалап берип, таратып жатышат. “Фейковая информация” деген ушул да, мына анын результаты ушуга алып келди. Мен: “Айылдыктар деп бирөө айтат, бирөө шаардыктар дейт, дагы бирөө “мырк” деп айтат, келгиле, бөлүнбөйлү, баарыбыз бирге бололу”,-деп айткам. Туурасы ушундай.

“Айылдыктар” боюнча…

Мен абдан олуттуу урбанизация маселесин көтөрдүм. Бул маселе бүт дүйнөдөгү талуу маселелердин бири. Кыргызстандыктардын 65 пайыздан ашууну айыл калкы. Азыркы учурда Жер планетасы дегенибиз топтой эле болуп калды. Ушундай заманда биз өзгөрүшүбүз керек, динамика керек деп айттым. Мен эч кандай эмоцияга алдырган жокмун. Мен көп нерсени окугам, билем дагы. Мени айылдыктарды басмырлап, сезимине тийди деген сөзгө каршымын. Мен баскан-турган жерде айылдыктарды жактап, таламын талашып эле келе жатам.

Роза Исаковнанын айткандарын толугу менен BBC радиосунун тарткан видеосун төмөндөн көрө аласыздар:

Эске сала кетсек, кечээ, 3-декабрда Бишкекте Өмүрбек Текебаевге арналган китептин бет ачарында Роза Отунбаева Өмүрбек Чиркешовичтин артыкчылык, кемчилигин айтып, андан кийин музейдеги көргөзмөдөн чыккан талашка токтолуп, ага каршы чыккандарды искусствону туура түшүнүүгө үндөп жана алардын аң-сезимди бир аз өстүрүп, маданиятыбызды өнүктүрөлү деген чакырык таштаган. Бул сөзү да чуу болуп, дуу жаратты. Коомчулук экиге бөлүндү: бири жактап, бир жамандап дегендей. Роза Исаковнаны буга чейин жамандап, бөйрөктөн шыйрак чыгарып келген айрым бир «ОБОНчу» аялдарга жага бербей, «обон» созуп эле жатып калды. Алар да өздөрүнүн деңгээлин көрсөтүп жаткан кези…

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.