Элнура АЛМАЗБЕК кызы: “Көзүн жылтыратып, баса албай жаткан бир жарым жаштагы уулума жардамыңыздар керек!”

Элнура АЛМАЗБЕК кызы: “Көзүн жылтыратып, баса албай жаткан бир жарым жаштагы уулума жардамыңыздар керек!”

Бишкек шаарынын тургуну, төрт баланын (үч кыз, бир уулдун) энеси Элнура Алмазбек кызы бир жарым жаштагы ДЦП менен ооруган уулу Бектурду Москвадагы “Родник” реабилитациялык борборуна алып барып дарылаганга ири суммадагы каражат керектелип жатканы тууралуу жардам сурап элге кайрылды.

Эненин аянычтуу кайрылуусу…

— Эки жумадан соң, буйруса, балам 1 жаш 7 айга толот. (Кайгырып) Беш айга толгондо биздин үй-бүлө оор сыноого кабылдык, ошол учурда уулубузга ДЦП деген диагноз коюлду. Такыр ишене албай жүрүп, акыры Кудайымдын берген сыноосун кабыл алдык. Диагнозун уккандан бери колубуздан келишинче уулубуздун ден соолугу үчүн күрөшүп келатабыз. Убагы менен калтырбай массаж, ЛФК, бобат-терапиясын алып жатабыз. Тилекке каршы, жылыш жок. Эң  өкүнүчтүүсү, биздин өлкөдө жогорку деңгээлде дарылай турган реабилитациялык борбордун жоктугу.

Балаңдын өз алдынча эч нерсе кармай албай тырышкан колдорун, жылтыраган көздөрүн көрүү ата-энеге ушунчалык оор экен, ошондон улам, жөн отура албадым. Интернеттеги социалдык түйүндөрдөн кайсы өлкөдөн кандай жардам берилет, баламды бутунан тургузган кандай мүмкүнчүлүктөр бар деп, тагырагы, Россиядагы реабилитациялык борборлордон караштырып, сураштырып, издештирип отуруп, Москва шаарындагы “Родник” борборуна токтолдук. Ал жерге балдарын дарыланууга алып барган ата-энелердин ой-пикирлери да абдан жакшы экен.

Интернет аркылуу “Родник” менен байланыштык, консультация алдык. Уулубузга жардам көрсөтүшөөрүн, массаж, ЛФК, бобат жана войта-терапия, остеопат, фельденкрайз ж. б. көптөгөн башка дарылоолор болорун айтышты. Бир курсу — 12 күндөн 18 күнгө чейин созулуп, ага 100 000 рублдан ашык каражат кетээри белгилүү болду. Бул сумма бир эле курска. Ал эми балабыз бир жылда төрт жолу дарылануу курсуна муктаж. ДЦП менен ооруган балага дарыланууну кичинесинен баштаса жана токтотпосо, жыйынтыгы эң жакшы натыйжага алып келет дешет го, ошондуктан балама дарыланууну азыртан баштайлы деп бел байлап турабыз. Бирок бизде жогоркудай каражатты тапкыдай мүмкүнчүлүк жок болуп жатат.

Урматтуу,  туугандар, кайдыгер карабаган кыргыз элим, “Көп түкүрсө көл болот» деген элимде жакшы макал бар эмеспи, көпчүлүк жардамы менен балам жакшы болот деген илгери үмүт менен сиздерге кайрылып турган чагыбыз. Балабыз Бектурдун басып, бутуна бекем туруп кетүүсүнө жардам берүүңүздөрдү өтүнөм. Баламдын саламаттыгы боюнча тийиштүү кагаздарды да жайгаштырдым. Баам салып, окуп, көңүл буруп коюңуздар. Сиздердин жардамыңарсыз чуркап кете албайбыз, алыс барып дарылана албайбыз. Мүмкүн болсо, көпчүлүк элге тегиз жеткидей кылып максималдуу репост кылып коюуну өтүнөм!

Кайдыгер карабайлы, кыргыз элим!

Урматтуу туугандар! Үмүткө, ишенимге толгон ЭНЕ жүрөгү менен элге кайрылган Элнура Алмазбек кызынын кайрылуусун жерде калтырбайбыз деген үмүттөбүз! Жардам берем дегендер болсо, төмөндөгү телефондорго кайрылыңыздар:  

Элсом: 0 708 98 00 24 (апасы Элнура), 

Элкарт: 9417019446296590, 

Сбербанк: 5469500012875946

Alakan.biz

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.