ВИДЕО — Садыр ЖАПАРОВ: «Мелис Аспековдун менин шайлоо штабыма эч тиешеси жок»

ВИДЕО — Садыр ЖАПАРОВ: «Мелис Аспековдун менин шайлоо штабыма эч тиешеси жок»

Мелис Аспеков менен Улан Жураевдин баш коргоо чарасы Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып, сот аларды эки айга — 9-мартка чейин УКМКнын тергөө абагында калтырды. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, УКМК эки активист ««Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен ири өлчөмдө каражат талап кылган» деген шек менен кармалганын 9-январда билдирген. Тергөө версиясына ылайык, активисттер «укук коргоо органдары ишкананы текшерет», «жетекчилигине каршы митинг уюштурулат» деп коркутуп, «Кыргыз темир жолу» башчыларынан 250 миң доллар талап кылышкан. Жетекчилик алар талап кылган каражатты бергенге аргасыз болгон.

Камалганга чейин Аспековдун айтканы…

Буга чейин Мелис Аспеков «Фейсбуктагы» баракчасына президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун Чүй облусундагы шайлоо штабын жетектеп жатканын жазган. Бирок Жапаровдун БШКдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Александр Мощин Аспеков Жапаровдун шайлоо штабынын кызматкери эмес экенин билдирген. Кечээ, 10-январда, Садыр Жапаров добуш берүүдөн чыккандан кийин журналисттердин суроосуна жооп берип жатканда ага Мелис Аспеков тууралуу суроо узатылган. Анда ал: «Менин шайлоо штабыма анын тиешеси жок. Буга чейин 10 миң доллар берип «биздин атыбыздан» деген видео чыгып кетпедиби. Ошондон кийин штаб БШКга чейин арыз берип бул боюнча териштирген. Анан биздин ишенимдүү өкүл эмес болуп чыккан», — деп жооп берген.

Мелис Аспеков Садыр Жапаровду 2020-жылдын 6-октябрында тарапташтары абактан бошотуп алгандан кийин анын жанында жандап жүргөн жана ага байланыштуу маселелер боюнча комментарий берип турган эле. Шайлоонун үгүт маалында да Садыр Жапаровду колдоп келгендей болгон…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.