Мурдагы мэр Суракматов УКМКга суракка чакырылып, камалды

Мурдагы мэр Суракматов УКМКга суракка чакырылып, камалды

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Азиз Суракматов кечээ, 26-майда, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) суракка чакырылып, 48 саатка камалды.

Алдын ала маалыматтарга караганда, суракка “Коррупция жана мыйзамсыз баюу” ишинин алкагында чакырылган. Кечки 4 чамасында суракка кирип, бир канча саат  көрсөтмө бергенден кийин камакка алынып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайында киргизилген. Айыптоолор боюнча, экс-мэр муниципалдык кымбат жер тилкелери боюнча бир катар кыӊыр иштерге барган. Айтымында, тергөөчүлөр кылмышка катышы бар башка адамдарды, мыйзамсыз алынган кыймылдуу, кыймылсыз мүлктөрдү аныктап жатышыптыр.

50 жаштагы Азиз Суракматовдун курулуш-архитектура жаатында жогорку билимдүү адис. 1994-жылы Кыргыз курулуш-архитектура институтун, 1996-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин аяктаган. Саясатка аралашканга чейин катардагы адис, инженер, архитектор, юрист кеңешчи, директор орун басары, бөлүм башчы, башкы адис сындуу ылдыйкы-жогорку кызматтарда иштеп жүргөн. 2004-2010-жылдары Бишкек шаардык кеңешине депутат болуп келип, төрагалык да кылган. 2010-2015-жылдары Жогорку Кеңеште “Ата Журт” партиясынан депутат болгон. 2018-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп шайланып, былтыр октябрдагы бийлик алмашууда бир нече күн кайда экени белгисиз болуп жатып, кайра кайтып келип кызматына киришкен эле. Анан 20-октябрда өз каалоосу менен иштен кеткен…

11-апрелде өткөн Бишкек шаардык кеңешине болгон шайлоодо ал Кыргызстан элдик демократиялык партиясын (КЭДП-НДПК) сүрөгөн эле. Бул партияны сап башында баштап чыккан Илим Карыпбеков бүгүн Суракматовдун кармалышын келерки шайлоодо аларга карата бут тосуу катары баалаган видеобилдирүүсүн таратты. Ал кайрылуусун өлкө президенти Садыр Жапаровго жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге жолдоп, Азиз Эмилбековичтин бөгөт чарасын үй камагына деп өзгөртүүнү суранып мындай деген: “Сиздер өз сөзүңүздөрдө шайлоого катышып жаткан партияларга, талапкерлерге мамлекеттик органдар, укук коргоо органдары жана башкалар эч кандай таасир көрсөтпөйт деп кепилдик алып келесиздер. Суракматов Азиз Эмилбекович болсо партиянын шайлоо штабынын башчысы катары дагы деле ишин аткарып келаткан. Эми анын камакта олтурушу КЭДП партиясынын мындан кийинки кадамдарына таасир бербей койбойт. Суракматов буга чейин деле качкан эмес, мындан кийин деле качпайт. Ал киши өзүнүн актыгын, адилеттүүлүгүн мыйзам чегинде далилдей алат деген ишенимдемин. Ошондуктан мен Азиз Эмилбековичтин бөгөт чарасын үй камагына деп өзгөртүп берүүңүздөрдү суранам. Анткени мында саясий боёк бар деген күмөн калбашы керек”.

Экс-мэрдин камалышы боюнча «саясий себеп бар», «акча өндүрүү», «кимдир бирөөгө басым жасоо» сындуу ар кандай божомолдор жүрүп жатканы жашыруун деле эмес. Канткен менен, Азиз Суракматов Кыргызстандагы эң бай адамдардын бири катары эсептелери да маалым…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.