Жыргалбек Касаболот Масадыков, Мамкатчы, Мекен тууралуу…

Жыргалбек Касаболот Масадыков, Мамкатчы, Мекен тууралуу…
Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен 2-июлда мамлекеттик катчы болуп Чолпонбек Абыкеев, 12-июлда Таалатбек Масадыков Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул эки кызмат боюнча белгилүү аналитик, акын, котормочу, журналист Жыргалбек Касаболот «Фейсбуктагы» баракчасына төмөндөгүдөй билдирүү калтырды:
Мына ушул киши иштейт деп ишенем. Албетте, колун байлабаса, айтканын укса, сунуштары менен эсептешсе. Болбосо азыркы кемчиликтердин баарын мойнуна артып кутулганга, биротоло саясий салмагын жоготконго да ылайыктуу, бийликке. Байкап туралы.
Бирок жалпысынан ушул кызматтын ачылышы — «мен коопсуздук жагын башкара албайт экенмин, ушул киши жооп берсин» деген кеп. Болбосо Коопсуздук кенешинин башчысы чынында президент да. Демек, буга чейин колунан келген жок. Досу менен бириккенде да. Негизи досу бул органга баш ийиши керек. Ал угабы же саясий дымагына салып моюн бербей коюп макулдашылбаган саясат алып барабы?
Азыркы Баш мыйзамдын далай кеп болгон концепциясына карабастан, премьер-министрдин кызматы кала бергени — «мен экономикага жооп бербейм, премьерден сурап алгыла» деген ишарат. Депутаттар президенттин жоопкерчилигин бир ооз айтып койбой Улукбек Мариповду талап атышат. А чынында аткаруу бийлигинин башчысы эми президент да. Андан эмне сурашпайт?
Мамкатчы институтунун киргизилиши — «идеология жагын билбейт экенмин, бир нерсе болсо мамкатчы жооптуу» деген белги.
Эми бир суроо — анда деги президент эмнеге жооп берет?

Мекен

Аралатып аска-зоосун ичиңдин,
Ак мөңгүнүн кашка суусун ичирдиң.
Кут төгүлгөн мейкиниңде чоңоюп
Кул мүнөздүү кандарыңдан кичирдим.
Тулпарларың туусун сүрөп качырдын,
Туш-тушуңдан туурдук болуп ачылдың.
Сыноолордон майышканың көргөндө
Сыр найзаңдын сыныгындай чачылдым.
Ачуу өртүн, алына элек өчүндүн,
Алаканга басып туруп өчүрдүм.
Атаганат, алдемедей уул-кызың
Айласыздан алыс жакка көчүрдүң.
Артып жүгүн үмүт менен ызаңдын
Аткан таңдай, баткан күндөй кызардың.
Жеңээриңе жаш баладай ишенип
Жер шарынын желесиндей узардым.
Арасында ак таң менен кечиңдин,
Актыгына таасир этип чечимдин,
Түндүгүңдү бакан менен түрткүлөп
Түйшүгүңө түтө албадым. Кечиргин!
(12/07/2021)
Жыргалбек КАСАБОЛОТ
Даярдаган Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.