Милициялар сел каптаган жерге барып, ар кандай жардам көрсөтүп, ылай баскан короолорун тазалашты…

Милициялар сел каптаган жерге барып, ар кандай жардам көрсөтүп, ылай баскан короолорун тазалашты…
Жалал-Абад шаарынын милициясы сел каптаган Чаңгыр-Таш айылына жардам көрсөттү. Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.
Катуу жамгырдан улам, Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн Чаңгыр-Таш айылынын көпчүлүк турак-жайларын сел каптаган. Жабыркагандарга жардам көрсөтүү максатта Жалал-Абад шаардык милициясы жетекчилиги баш болуп жамааты менен барып, ылай баскан короолорун тазалашып, ар тараптуу жардам беришти.
Жергиликтүү тургундар ыраазычылык билдирип, милицияларга ак батасын беришти.
Жалал-Абад ШИИБдин начальниги милициянын полковниги Алмаз Кубатбеков милиция кызматкерлери кай жерде болбосун күн-түн дебей кызмат кылууга даяр экендигин билдирди.
Белгилей кетүүчү жагдай, сел каптаган күндөн тартып Жалал-Абад облустук милициясы тарабынан жалпы — 20дан ашык үйгө ар тараптуу жардам көрсөтүлүп, короолору тазаланган.
Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.