Бердибек ЖАМГЫРЧИЕВ: «Талибан сенин жаныңда эле жүрөт…». «Талибан» деген эмне?

Бердибек ЖАМГЫРЧИЕВ: «Талибан сенин жаныңда эле жүрөт…». «Талибан» деген эмне?

Ашраф Гани элди талибдерге каршы турууга чакырды

Ооганстандын баш калаасы Кабулга «Талибан» кыймылы 15-августта кирип, басып алып, 20 жылга созулган согуш аягына чыкканын жарыялашкан. Президент Ашраф Гани болсо качып, Ооганстандан чыгып кетип, азыр анын кайда экени белгисиз. Ооганстандын вице-президенти Амрулла Салех президент Ашрафа Гани качып кеткенден кийин өзүн президенттин милдетин аткаруучу катары жарыялап, кандай гана жагдай болбосун эч качан талибдерге баш ийбей турганын баса белгилеп, элди талибдерге каршы турууга чакырды.

Руслан БЕКНАЗАРОВ: «Афган эли үмүт арткан талибдер бийликке келди, куттуктайм»

Ал эми Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаровдун баласы, Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы, экс-президент Сооронбай Жээнбеков бийлигинде президенттик аппараттын жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмүндө эксперт болуп иштеген Руслан Бекназаров талибдердин бийликке келгенин «кубануу» менен кабыл алгандай… Ал 16-августта «Фейсбуктагы» баракчасына төмөндөгүдөй пост калтырган:

Афган эли үмүт арткан Талибдер бийликке келишти. Афган элин куттуктайм. Жеке оюмда Афган өлкөсү 5 жылда болуп көрбөгөндөй өнүгүү секиригин жасашат. Биздин «акыркы үмүт» жаңы келген Афган өкмөтүн куттуктап койсо болот.

Руслан Бекназаровдун мындай пикири коомчулукка жаккан жок. Ошондон уламбы, ал бүгүн, 18-августта, кечки саат 19:00до түз эфирге чыгып, бардык суроого жооп берээрин «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Тынчтыкбек ЧОРОТЕГИН: «Ташиев окуйбу?»

Белгилей кетсек, Руслан Бекназаров буга чейин «халифат» тууралуу пикирин билдирип, анда да «тепкиде» калган. Анын мындай жарыяларын атасы Азимбек Бекназаров менен УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев окуйбу деген суроону белгилүү тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегин кабыргасынан коюп, «халифатты» түшүндүрүп берген. Тынчтыкбек мырзанын жазганы менен катар талибдерди талдап берген белгилүү аналитик Жыргалбек Касаболоттун жазгандарын бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуй аласыздар.

Бердибек ЖАМГЫРЧИЕВ: «Мамлекеттик идеология иштебесе, эртең эле Афганистан болосуң»

Колдоруна курал кармаган талибдерди «Бизге, Кыргызстанга келбейби?» деп чочугандар да бар. Аларга акын Бердибек Жамгырчиев мындай жооп жазды:

«Табилан бизге келбейби» деп корккондор, талибан сенин жаныңда эле журөт… Мамлекеттик идеология иштебей быкшып жата берсе, эртең эле Афганистан болосуң» .

Баш мыйзамда…

Кыргызстандын Баш мыйзамынын 1-беренесинде “мамлекеттик башкарууга дин аралашпай турганы” жазылган.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия кайсы саясий күч болбосун мыйзамга туура келбеген диний аракети үчүн жоопкерчилик каралганын эскерткен.

Дин иштери боюнча мамлекттик комиссиянын мурдагы жетекчиси Орозбек Молдалиев «Талибан кыймылы», «талибандар» деген түшүнүк кайдан чыккан?» деген «Би-Би-Си» радиосунун журналистинин суроосуна жооп бериптир.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.