Парламенттик шайлоо эми башкача болот. Президент бүгүн кандай мыйзамга кол койду?

Парламенттик шайлоо эми башкача болот. Президент бүгүн кандай мыйзамга кол койду?

Кыргызстанда парламенттик шайлоо системасы өзгөртүлдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, президент Садыр Жапаров президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамга бүгүн, 27-августта кол койду. Кол коюлган мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңеш саясий партиялардын тизмеси (54 мандат) жана бир мандаттуу округ боюнча (36 мандат) калыптанат. Буга чейин депутаттар пропорционалдык система менен партиялык тизме боюнча шайланып келген болсо, эми аралаш шайлоо системасы болот.

Быйыл 11-апрелде өткөн референдумда жаңы Конституция кабыл алынып, анда парламентти түзүүнүн жаңы тартиби каралган.

Эске сала кетсек, 2020-жылы, октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп, анын жыйынтыгы жокко чыгарылган. Ошондон бери жаңы шайлоо жарыялана элек.

Буга чейинки шайлоо мыйзамына ылайык, Жогорку Кеңешке 120 депутат партиялык тизме менен беш жылга шайланып келчү.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.