Видео — Жүрөгүнөн операция болгон Аида Салянова кыргыз элине ыраазычылык билдирди

Видео — Жүрөгүнөн операция болгон Аида Салянова кыргыз элине ыраазычылык билдирди

Үч баланын энеси, 49 жаштагы мурдагы башкы прокурор, мурдагы ЖК депутаты Аида Салянова Казакстан мамлекетинин Тараз шаарындагы клиникалардын биринде жүрөгүнөн операция болду.

Операция кандай өткөнү, ким жасаганы, учурдагы абалы тууралуу Аида Жеңишбековнанын айткандары төмөндө:

Аида Жеңишбековна, операция ийгиликтүү өткөнүнө абдан кубанычтабыз. Тезирээк сакайып, Кыргызстанга эртерээк кайтып келиңиз. Жолдошуңуздун, балдарыңыздын маңдайында аман болуп, узак өмүр сүрүңүз. Эртеңки Эгемендүүлүктүн 30 жылдык майрамыңыз менен куттуктайбыз. Ар бир күнүңүз майрам болсун!

Депутат кезинде мыкты мыйзамдарды жазган…

Аида Салянова депутат болуп турганда, коррупция фактыларын ачыкка чыгарган жарандарды коргоо жөнүндө мыйзам жазып чыккан. Бул элге эң керектүү мыйзам болчу. Мындай мыкты мыйзамдын өтүшү Жогорку Кеңеште кыйын эле болгон, ошентсе да, Аида Жеңишбековнанын кыйындыгынан парламенттеги үч окуудан өтүп, андагы президент Атамбаевдин колуна тийген. Анда 2016-жыл эле. Бул макаланын толугун бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыздар болот!

Белгилей кетсек, Аида Салянова 2010-жылы юстиция министри, 2011-2015-жылы башкы прокурор болгон. Прокурор болуп турганда, эч кимден коркпой көптөгөн коррупционерлерге иш козгогон. 2015-жылы Жогорку Кеңеште депутат болгон.

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.