ТЕКЕБАЕВ: «Балким биз кыялданган максаттарга жетпедик, бирок, али алдыда. Майрамыңыздар менен!»

ТЕКЕБАЕВ: «Балким биз кыялданган максаттарга жетпедик, бирок, али алдыда. Майрамыңыздар менен!»
«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдык мааракеси менен кыргызстандыктарды «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу куттуктады.
Мындан 30 жыл мурун Кыргызстан өзүнүн көз каранды эместигин жарыялаган. Мамлекет бир күндө, бир жылда эле толугу менен калыптанбайт экен. 30 жыл ичинде татаал сыноолордон татыктуу өттүк. Бүгүн бүт дүйнө эли тааныган суверендүү мамлекетте жашап жатабыз.
Бул мамлекеттин курулушуна ар бирибиздин салымыбыз бар. Анткени, Ата Мекен үй-бүлөдөн башталат.
Биз кыялданган максаттарга балким жетпедик. Бирок, ошол максаттар али алдыда. Алар бийик, ыйык, бизди эрдиктерге үндөйт.
Заманбап, эли бакубат жашаган, эркин коом, укуктук мамлекет куруш үчүн ар бирибиз талыкпай эмгектенишибиз керек. Эгер, биз ар бирибиз үй-бүлөбүз, ата-энебиз үчүн кам көрсөк, алардын бакубат жашоосун камсыз кылсак, мамлекетибиз кубаттуу, бай болот.
Бирок, өз үй-бүлөбүздүн кызыкчылыгы менен чектелбестен, граждандык активдүү позицияны ээлеп, коомдо болуп жаткан процесстерге кайдыгер карабай үн кошуп, керек болсо адилеттүүлүк, мыйзамдуулук үчүн күрөшкө даяр болуш керек. Мына ошондо гана биз эңсеген эркин коому, намыстуу гражданини бар бакубат Кыргызстанды курабыз.
Урматтуу мекендештер!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдык майрамы менен куттуктайм. Бул – эң негизги мамлекеттик майрам. Бул майрам мамлекеттик официалдуу гана болбостон, ар бирибиздин жеке майрамыбыз болгондо мамлекеттүүлүгүбүз бекем түптөлдү деп айта алабыз.
Ардактуу мекендештер, баарыңыздарга ийгилик, ынтымак, үй-бүлөңүздөргө бакыт-таалай каалайм!

Эгемендиктин тарыхында эмнелер болду?

Мындан 30 жыл мурда биздин мамлекет эркиндикти жана көз карандысыздыкты тандап алган. 1991-жылдан тарта Кыргызстандын жаңы тарыхы башталган. Агезде Аскар Акаев президент, Медеткан Шеримкулов Жогорку Кеңештин төрөгасы эле. Легендарлуу парламент (Жогорку Кеңеш) “Көз карандысыздык жөнүндөгү” декларацияны кабыл алган.
1991-жылдын 31-августунда дүйнөнүн саясий картасында эгемендүү Кыргыз Республикасы пайда болгон. 30 жылдан бери Кыргызстан башка мамлекеттер менен эки тараптуу дипломатиялык алака түзүп, достук мамиледе келатат.
30 жыл аралыгында жакшы, жамандыктар болду: эбегейсиз ийгиликтерди багындыра алдык, чоң жоготууларга дуушар болдук. 2010-жылы 87ден ашуун жарандарыбыз окко учкан. Анда президент Курманбек Бакиев эле, ал тактыдан жөн кетпей, өз элине ок чыгарып кеткен.
Былтыр Кыргызстанды коронавирус каптап, бул жаман илдет бир топ кыргызстандыктарды алып кетти. Белигилүү маркумдар бу жердеги ШИЛТЕМЕде.
5 президент (Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков) алмаштырдык. 6-президент кылып Садыр Жапаровду тандап алдык.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.