Апасын өлтүрүп жер төлөсүнө каткан баланы Сот 10 жылга кести

Апасын өлтүрүп жер төлөсүнө каткан баланы Сот 10 жылга кести

Ташкент шаарынын Шайхантахур райондук соту өз энесин өлтүргөн кишиге өкүм чыгарды. Өзбекстандын Жогорку Соту билдиргендей, соттолуучу “Атайылап киши өлтүрүү” беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды. Сот айыпталуучу күнөөсүн мойнуна алганын жана үйлөнө электигин эске алуу менен аны 10 жылга түрмөгө кести.

Окуя быйыл, март айында болгон. Укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, уулу түнкү саат экилер чамасында апасын бөлөк киши менен көрүп, жини менен анын мойнуна бычак сайып жиберген. Сөөгүн жашырып коюп, эртең менен милицияга апасы жоголгону жөнүндө арыз жазган. Милиция анын апасын жарым жыл издеп, акырында энесинин сөөгү үйүнүн жер төлөсүнөн табылган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.