ВИДЕО — Мелис Эшимкановдун бейитинде таякеси ыйлап эскерди…

ВИДЕО — Мелис Эшимкановдун бейитинде таякеси ыйлап эскерди…

Эсен болуп, эстей жүр!

Он жылдан кийинки эскерүү…

«Жаштык жарчысы», «Асаба», «Агым» гезиттеринде башкы редактор, 2000-жылы президенттик шайлоодо талапкер, 2005-жылы Жогорку Кеңештин үчүнчү чакырылышынын депутаты болгон белгилүү саясатчы, коомдук ишмер, кыргыз эркин журналистикасынын «Атасы» атыккан Эшимканов Мелис Асаналиевичтен 2011-жылы 15-сентябрда ажыраганбыз. Сөөгү 18-сентябрда «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлган. 

Андан бери 10 жыл өтүптүр. Аттиӊ арман, көзү тирүү болгондо быйыл, 9-декабрда 59 жашка чыкмак. 

Мелис Эшимкановдун жубайы Асел Эшимканова эскерүү уюштуруп, куран окутту… 

Шермамбет ОРОЗАЛИЕВ: «Мелис 9 жашында эле Кыргызстанга белгилүү болгон»

Мелис Эшимкановдун бир тууган таякеси Шермамбет Орозалиев (гений ага-инини жарык дүйнөгө алып келген апабыз Саадат Тентиеванын (1943-2003) бир тууган иниси) эскерүүгө келгендерге, эскерип бергендерге (Түгөлбай Казаков, Мамат Сабыров, Бакыт Орунбеков, Азимжан Ибраимов, Бекташ Шамшиев, Кубат Оторбаев, Аскер Сакыбаева) ыраазычылыгын билдирип, жээнин ыйлап эскерди:

Мен Мелистин бир тууган таякеси болом. Мелистин жылдызы кичинекей кезинде эле жанып,  9 жашында эле Кыргызстанга белгилүү болгон. КТРде алып баруучу болгон. Ага атак-даңк эрте келген. Чынында мыкты журналист эле, мыкты саясатчы эле… 

Мелистин 2007-жылы, 11-апрелде үйгө келгени эсиме түштү. Көп нерсени сүйлөшүп отурдук эле. «Баары эле президент болобуз»,- дейт да, ыя, таяке. Кимди колдойсуз?» деп, кетип жатканда: «Мени жакшы көрөсүңбү?»,-деди эле. Мындай адамды кантип жакшы көрбөйсүң. Жакшы адам үчүн алигүнчө элдин эсинен чыкпай келатат да. Биз эч качан Мелисти унуткан жокпуз жана унутпайбыз! Жээнимдин жаткан жери жайлуу болсун!

Эрнис менен кезиккен күн…

Жогоруда таякебиздин сөзүнөн кийин, мага да 2015-жыл эсиме түштү. Анда Эрнис экөөбүз «Жал» кичирайонунда жашачубуз. Шермамбет таякебиз Эрниске жумуштап келип, экөө көпкө чейин Мелис байкени, ата-энебизди, таята-таянебизди эскерип отурушту эле…

Ошол жылы алдыда президенттик шайлоо турган. 2000-жылы президенттик шайлоодо талапкер болгон Мелис байкенин платформасын, программасын, сөзүн, өзүн эстеп, саясатта да, журналистикада да, үй-бүлөдө жетишпей турганын айтып, көздөрүнө жаш алышты эле…

Ошондо Эрнис байкесин колдоп, «Асаба» гезитине «Кыргызстандын бир эле «душманы» калды – ал Мелис Эшимканов» аталышта макала жазганын айткан болчу. Ошону эстеп, архивден таап чыктым. Ал алдыңыздарда.

Архивден…

Кыргызстандын бир эле «душманы» калды – ал Мелис Эшимканов

Былтыр Баткен окуясы башталганда Президенттин алдындагы Коопсуздук кеңешинин катчысы Болот Жанузаков кудум 37-жылдагыдай «сырт душмандардан да ички душмандар жаман» деп ички душмандар катары – коррупционерлерди, кылмышкерлерди эмес, оппозициянын өкүлдөрүн кыйыткан эле. Бул билдирүү «акылман курстун» дагы бир жаңы багытына эшик ачты. Анан эмне болду? «Көз тазаламай» саясаты башталды. Болгондо да президенттик шайлоого чейин! Логика эң туура! Экономикалык абалды оңдогондо, социалдык кырдаалды түзгөндө үчүнчү мөөнөт жөнүндө мынчалык кызыл чеке талаш жүрмөк эмес. Жакшы жашоонун өзү жамырай журттун колдоосуна гана ээ болмок. Тилекке каршы, абал башка. Карапайым калктын баш максаты – кара курсак менен кара нандын гана камын көрүү.

Феликс Куловду камакка алуу, ага жарлык тагуу жана башка ушундай сыяктуу – жанагы логиканын акыбети. Калгандары – «коркуп кетти, качып кетти, маалын күтүп турат» деген этиштерге эрмешип көмүскөдө турат. Азыр Кыргызстандын бир эле «душманы»  калды, ал Мелис Эшимканов. «Камайлы, жоготолу» десе, артында байланган «калбыры-шалбыры» жок экен, президенттикке ат салышып жатат. «Мейли да, оппозициянын өкүлү катары жүрө берсин, эл аны тааныбайт деле» деген логика жүйөөлүү болуп турду. Бирок, жер-жерлердеги сурап-билүүлөр бийликтин үшүн алып койгонбу, Эшимкановдун олуттуу орду бар экенин билген соң, аны караламай кампаниясы өз туу чокусуна чыгып барат. Бакма гезиттер менен «интеллектуалдуу дебилдердин» арылдаганы күн сайын күчөөдө. Акыркы аптадагы кыргыз басма сөзүн барактасан, сыналгыга кулак төшөсөң, эгемендүү өлкөбүздө атейин сөзгө арзый турган эки эле адам калыптыр – бири Аскар Акаев, экинчиси – Мелис Эшимканов. Он каарман менен терс каарман. Кудум соцреализмдин негизги принциптериндей. Бирок, тилекке каршы, «соцреализмдин атасы» Чыңгыз Айматовдун чыгармачыл деңгээлине караандап да койбойт. Бирөөсүн көкөлөтө мактоо, экинчисин кара күчтүн алынча каралоо. Башка логиканын кереги жок. Баракелде!.. Оң каарманыбыз – Аскар Акаевди мактабай эмне болуптурбуз. Анткени ал эч качан эч нерсеге жооп бербейт. Күнөөнүн баары – элдин көйгөйүн укпаган акимде, губернатордо, министрде, өкмөттө. Сындасаңар ошолорду сындагыла, эй! Бирок, алар деле теке оттоп жүргөнү жок, эл камын ойлоп эртеден кечке жумушта олтурушат. Эми эмне Аскар Акаевич барып буудайыңды сатып алышы керекпи? Эмне ал өзү келип салык менен сени муунтуп жатабы? Атүгүл, пенсияны өзү көзөмөлдөп, өзү таратмак беле? Анын баарына жооп бере турган тийиштүү чиновниктер бар. Алтын убактысын албайлы да.

Тескерисинче, терс каарманыбыз – Мелис Эшимканов баарына жооп бериш керек. Өлкөдөгү абалга да, өз көз карашы бар адамдар үчүн да. Алым Токтомушев же Жолдошбек Зарлыкбеков жазыптыр, Мамат Сабыров же Эрнис Асек уулу чыгарыптыр, а эмнеге Мелис Эшимканов жооп бербейт? Эмнеге гезиттеги «пейджерди» карабайт? Давай, жооп берсин.

Ооба, окурман, бүгүнкү басма сөздүн багыты ушундай «олуттуу» логикалар менен гана шугулданып калды. «Асаба» гезитине, ошол эле Мелис Эшимкановго көп эле сын айтса болот. Бирок, «Сен —  акмак» деңгээлинде эмес да. Ушунча болуп цивилдүү дискуссия кыла албасак, Владимир Высоцкий ырдагандай, арттан ок атып, темир менен айнекти быркыратып отурсак, он жылдан бери жетишкен демократиянын «дерьмократияга» айланганы ушул бейм!

Ушундай «дерьмократия» менен Кыргызстандын «жалгыз душманын» тынчытпай эмне болуптурбуз?..

Эрнис АСЕК уулу,

«Асаба» гезити, 2000-жыл

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.