Кыргызстан «Камбар-Ата 1» ГЭСин өз эсебинен курууну караштырууда

Кыргызстан «Камбар-Ата 1» ГЭСин өз эсебинен курууну караштырууда

 «Камбар-Ата 1» ГЭСин ички ресурстардын эсебинен куруу мүмкүнчүлүктөрү каралып жатат. Бул  тууралуу Энергетика министри Доскул Бекмурзаев «Азаттыкка» берген маегинде билдирген.

Анын айтымында, өлкөдөгү ири объектини куруу боюнча инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. «Камбар-Ата 1″ ГЭСин өз каражатыбызга салсак жакшы болмок. Биздин бетке кармай турган бир долбоорубуз жок. Оптимизация, азыркы реформалардын негизинде каражаттар үнөмдөлүп, анын баары жаңы кубаттуулук үчүн жумшалышы керек. «Камбар-Ата 1″ ГЭСинин алгачкы агрегатын үч жыл аралыгында ишке киргизүүгө болот«, — дейт министр.

Айта кетсек, «Камбар-Ата-1» ГЭСин куруу өткөн кылымдын 80-жылдарында эле пландалган. Ал Нарын дарыясынын жогорку жагына, Жалал-Абад облусунун аймагында курулушу керек.

Кийин, эгемендик жылдары, тагырагы, 2010-жылдан тартып кыргыз бийлиги долбоорду ишке ашырууну ойлоп, Орусия менен Жогорку Нарын ГЭСтер каскады жана «Камбар-Ата 1» боюнча келишимге кол коюп макулдашкан. Бирок бул долбоор ишке ашырылбаганы үчүн биздин тарап келишимди бир тараптуу токтоткон.

Адистер «Камбар-Ата-1» курулуп калчу болсо, Кыргызстандагы ГЭСтердин эң ириси болот дешет. Кубаттуулугу – 1860 МВт, жыл сайын 5 млрд. кВт/с электр энергиясын өндүрө алат.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.